2012-жылдын 30-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында автокырсыктан 4 адам каза болгон. Алардын арасында турмуш жолуна аттанганына 27 күн болгон жаш жубайлар да бар. Балдарынын тагдырына сыздаган энелер кырсыктын күнөөкөрү ушул күнгө чейин табылбай келгендигин айтып нааразы.
«ЧОГУУ ЖАҢЫ ЖЫЛ ТОСОБУЗ ДЕП ОТУРСАМ, БАЛДАРЫМДЫН СӨӨГҮ КЕЛДИ»
Гүлнар Азимова, кырсыкта каза болгон Эдил Култаевдин апасы:
– Эки уул, эки кызыбыз бар эле. Эдилбек уулдарымдын кичүүсү, 1987-жылы туулган. Эдилбек менен келиним Турсунай сүйлөшүп жүрүшүп 2012-жылдын 3-декабрында баш кошушкан. Классташымдын кызын жактырып калган экен, баарыбыз кубанып, тою да жакшы өткөн. Экөө бири-бирине бардык жагынан төп келишкен жаштар эле, аларды карап суктанчумун.
28-декабрда төркүлөтүп кайын журтуна барганбыз, кудагый «Тойго ээрчитип алайын» дегенинен калтырып кеткенбиз. 30-декабрь күнү тойдон келатышып кырсыкка туш болушуптур. Мен барпаңдап сүйүнүп курут эзип, тоок союп, балдарым келсе чогуу жаңы жыл тособуз деп камданып отургам. Бир убакта «Кырсыкка учураптыр» деген суук кабар келди. «Жаракат алса мейли, балдарымдын башы аман болсун» деп чыркырап, кырсык болгон жерге барсак, баламды Кара-Суу райондук оорукананын өлүкканасына алып кетишиптир. Күйүп-күйүп чок болуп кеттим.
Ошентип, чырактай балдарымдын сөөгү келди үйүмө. Кыямат кайым болгондой туюлду. Уулум менен келиним чогуу 27 күн жашашты, бир жолу да бири-бирине кыр көрсөткөнүн байкабадым. Балдар менен убара болуп, өзүбүздү жоготуп жүрсөк, сүзгөн унаанын ээси качып кетиптир. Мына эми бизди сыздатып коюп ушул күнгө чейин дайыны жок.
«ШОПУРДУ КИЧИНЕКЕЙ ӨЛКӨДӨН КАНТИП ТАБЫШПАСЫН?!»
Ширин Эргешова, Турсунай Кенжекозуеванын апасы:
– Ашыкча сүйүнүп коюптурбуз. Гүлнар экөөбүз классташ элек, анан кызыбыз менен уулубуз табышып калышканына да абдан кубанганбыз.
Турсунай менин улуу кызым, быйыл 25 жашка чыкмак. Жогорку окуу жайын аяктап, турмуштан өз жолун таап, эми гана бактылуу өмүр сүрө баштаганда каргашалуу окуя болуп отурат. Ата-энеге баладан айрылуудан өткөн азап барбы? Эстеген сайын жашыбыз тыйылбайт. Күйөө баламды Орусияда жумушуна чакырып калгандыктан, кызым «10-январда Орусияга кетебиз, 28-декабрга белгилегиле» дегенинен төркүлөтүп коёлу деп чакырганбыз. Тууганыбыздын кызы турмушка чыгып, тою болмок. Ал кызымдын курбусу болчу. Турсунай «Мен да барып келем» дегенинен көңүлүн калтырбай чогуу барганбыз. Көңүлүнө карабай кетирип жиберсем эмне болот эле деп өзүмдү жей берем. Мындай болуп кетерин ким билиптир?!
Тойдон кайтып келатканбыз. Күйөө балам, кызым, каза болгон дагы эки адам арткы орундукта эле. Жаңы-Арыкка келгенде артыбыздан жүк ташыган чоң унаа сүзүп кетти. Кызым ошол жерден эле каза болду, Эдилдин жаны бар болчу, ооруканага барганда үзүлүптүр. Менин 3 кабыргам сынып, башым эки жеринен жарылыптыр. Бирок аны сезбедим, балдарымдын артынан чуркап жүрөм. Качан гана өзүмдү жоготкондо ооруканага алып келишиптир.
Суналып экөө эки жакта жатканын көргөндөгү азабымды айтып бере албайм. Бул ишти Кара-Суу РИИБи карады. Күнөөлүү айдоочуну таппай жатабыз дешүүдө. Унаасын таштап, өзү качып кетиптир. Анын ким экендиги, жердиги аныкталгандан кийин кантип кичинекей Кыргызстандан ушул күнгө чейин таба алышпайт?! Ал жерде төрт адам каза болуп жатат. Канча адам сыздап жатканын, канчабыз кан жутуп отурганыбызды түшүнүшсө. Таба алышпаса бизге эле айтпайт беле, өзүбүз ошондо эле таап алмакпыз. Айлабыз кеткенде борборго чейин кат жаздык, баарынан эле «Иш каралып жатат» деген жооп келет, бирок эч кандай жыйынтык жок. Эгерде тиешелүү тармак чындап иш алып барганда кылмышкер эбак эле табылып, өз жазасын алмак.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛА ЭЛЕК»
Маңдайымда жашын тыя албай балдарынан айрылган тагдырын айтып отурган энелер чындык, акыйкаттык издеп жатышты. Бул боюнча иш алып барып жаткан Кара-Суу РИИБине кайрылып, тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Асан Шерматовдон мындай жооп алдык.
– 2012-жылдын 31-декабрына караган түнү болжол менен 01:30дар чамасында Усеналиев Чолпонбек Жоробекович ишеним кат менен айдап жүргөн Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында башкарып баратып, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобусту сүзүп алган. Мерседес унаасынын арты былчыйып, ал эми сүзгөн унаа жол жээгиндеги даракты сүзүп токтогон. Кылмышка шектүү айдоочу Чолпонбек Усеналиев окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
Унаада бараткан жүргүнчүлөрдүн ичинен төртөө каза болушкан. Чолпонбек Усеналиевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) жана 121-беренесинин 2-бөлүмүнүн (коркунуч абалда калтырып, ал оор кесепеттерге алып келсе) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрдү.
2013-жылдын 2-январында шектүү Ч.Усеналиевге коюлган беренелердин негизинде айыбы сырттан угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары Кара-Суу райондук соту тарабынан камакка алуу түрү тандалган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну. Ал азырынча кармала элек, бирок издөө-кармоо иштери улантылып жатат.
Балдарынын өлүмүнө айыптуу жаранды таап, тийиштүү жазасын алдырмайынча тынбай турганын айткан энелердин аракетинен жыйынтык чыгарына ишенебиз. Окуядан кабар алып, жыйынтыгы туурасында да маалымат берүүгө аракет кылабыз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg