Даниель: «КЫЗДАРГА ОТЧЁТ БЕРГИМ КЕЛБЕЙТ»

Бирде каткырып, бирде ойго батып, эч нерсени жаап-жашырбай, төгүлүп-чачылып Даниель маңдайымда отурду. Маегибизди эмнеге мындай эмоциялар коштоду дейсизби? Анткени ырчы менен буга чейин бир да жолу айтылбаган кыздар тууралуу кеп кылдык.

– Салам, Даниель, сени менен бүгүн ачык маек куралы. Суроону кыздар темасынан баштасак. Ушул кезге чейин бирөөгө өчөшүп мамиле курдуң беле?
– Саламатсызбы, каршылык жок :) Өткөөл курагымда андай учур болгон. Бир кызды аябай сүйүп калып, ал мени карабай койгондо өчөшүп башкалар менен жүрүп кеткем. Анда жашмын да, туура эмес кылып жатканымды түшүнгөн эмесмин. Азыр ойлосом, кыздардын каргышы жаман тиет деп коюшат, боорум ооруп калат аларга.
– Мурунку сүйлөшкөн кыздарың менен кабарлашып турасыңбы?
– Башкаларда кандай билбейм, менин мамилем азыркыга чейин жакшы. Кээде «Эстейсиңби ошол күндөрдү деп тийишип калам (күлүп). Бирок мурункулар менен сезимге алдырбай, дос катары гана сүйлөшөбүз.
– Сага сүйөм деп айткан жеңилби же сүйбөйм дегенби?
– Экөө тең, тамаша. Бир кездерде «мен сени сүйөм» деген мен үчүн «кандай» дегендей эле болуп калган (күлүп). Бирок чыныгы сүйүү келгенде, балким, сезимдер да башкача болуп, айта албай калсам керек. "Сүйбөйм" деген сөз деле ошондой, мурун бирөө сүйүүсүн билдирип жатса, «нагло» эле «мен сени сүйбөйм» деп салчумун. Азыр сүйбөйм деген катуу тиерин түшүнүп, антпей калдым.
– Сүйлөшкөн кызыңа көз каранды болгон жагабы же тескерисиби?
– Мен ушул убакка чейин бир дагы кызга отчёт берген эмесмин, бергим да келбейт. Дайым кыздар менен сүйлөшүп жатканда айтам, «Мен гулять этем, бирок жүрөгүм менен эмес, денем менен. Жан дилим сени менен» деп. Чынында, ала жипти аттабайм деген эркек деле баары бир кылат ал ишти. Эркек деген баары бир эркек да.
– Кийин үйлөнгөндө сен да "солго" басасыңбы анда?
– Азыр бойдок болуп, «бул кыз жагат, тиги кыз жагат» деп ар кимге азгырылып жүрөм, үйлөнгөндө мындайды токтотом. Өзүм кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Мени жакшы «семьянин» болосуң деп айтышат. Айрым мырзалардын «бардык жумушту аял жасап коёт да» дегендерин уят көрөм. Аялзаты буюм эмес да, ал өмүрлүк жарың болуп, сага бала төрөп берип жатса, сыйлаш керек.
– Маңдайга жазган тагдырга ишенесиңби же аракет кылса баары болот дегендерге киресиңби?
– Кыйын суроо экен... Аракет кылсаң берекет дешет, бирок мен тагдыр дегенге көбүрөөк ишенем. Маңдайга жазса, эч жакка кутула албайбыз го.
– «Даниелдин сүйлөшкөн кыздары көп» дешет. Ошончо кызга кантип көңүл бөлүп жетишесиң?
– Ха-ха, айтпай эле коёюн. Аны айтсам, баары сырларымды билип алышат да. Кыздарга катуу сүйлөбөй, жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Мурун кыздарды тоготпой, керсейип, орой болчумун. Азыр анын баары калган.
– Көп кыздардын арасынан бирөө-жарымына арнап ыр деле жазгандырсың?..
– Ооба, «Сени менен» деген ырымды Питерде жашаган кызга арнап жаздырган элем. Жакында жаралган «Бейби» деген ырымды Дубайдагы тааныш кызыма арнап чыгардым.
– Ыр арнап жатсаң, жөн кыз эмес го дейм. «Бейбиң» менен кандайча таанышып калдың эле?
– Чынын айтайын, кышында Дубайга ошол кыз үчүн баргам. Ал мени жаңы чыгып баштагандан тартып эле сүйчү экен. Интернеттен таанышып, башында ага-карындаш катары сүйлөшчүбүз, сиз деп кайрылчу мага. Ортодо бир-эки жыл кабарлашпай калдык. Кийин кайра табышып, байкасам мурунку кичинекей кыз чоңоюп, көзгө көрүнүп калыптыр (күлүп). Көрүп, оо деп койдум. Ал быйыл 11-классты аяктап жатат, караколдук кыз.
Ошентип, сизден сенге өтүп, жакшы сүйлөшүп кеттик. Келчи деп аябай сурана бергенинен, бир жагынан өзүм да Дубайга баргым келип жүргөн, бардым. Тосуп алды, эртеден кечке мени менен жүрүп, көп жерлерди көрсөттү. Экөөбүз тең бири-бирибизди жактырып калдык. Дубайдан келерим менен ыр жаздырып, атайын ага арнап «Бейби» деп атадым.
– Айымдарда "келишимдүү жигиттер сөзсүз бабник болушат" деген түшүнүк жашайт. Сенин дарегиңе да мындай сөздөр айтылабы?
– Мени деле ошентип айтышат. Көбү «сырткы келбет эмес, ички дүйнө маанилүү» дей беришет. Мен ошого такыр кошула албайм. Азыркы учурда сырткы келбет чоң роль ойнойт. Мисалы, көп кыздар келбеттүү, келишимдүү жигиттерди жактырышат, сөз айтышат. Анан мырзанын көп варианттары болуп, кимисин карашты билбей башы айланып калат да (күлүп). Мен деле «бүгүн муну менен, эртең муну менен сүйлөшөм» деп алдын ала «план» түзүп алчумун. Анан да менин бир минусум бар, мага туура эмес күлүп койдубу, бир жери кир болобу, жийиркенип, такыр сүйлөшпөй коём.
– Сен жөнүндө айтылган далилсиз, сени таң калтырган сөз кайсы болду эле?
– Менин сүрөтүмдү фотошоп дегендер күйдүрүштү. Мурун фотошоп менен иштейм дегенимден ошентип ойлоп алышкан окшойт. Мен үчүн деле уят да, элдин адамы болгондон кийин бирөөнүн денесин өзүмө чаптап алганым. Көргөндөр билет чындыкты. Көрбөгөндөр "ал кичинекей эле бала, протеин ичет" деп чыгышат. Ошондой кептерди угуп, бул сүрөттү неге элге көрсөттүм экен деп жиниң келет. Негизи эле биз эч качан жакшы жагын айтпай, кемчиликтерин эле чукулап отура беребиз.
– "Келишимдүү жигит" деп көз арткан айымдар да бардыр?
– Кээде социалдык тармактарда «сен мени албай эле кой, жөн гана сенден балалуу болгум келет» деп жазышат. Алардын айтымында, мен көп балалуу болуп калыптырмын (күлүп). Айрымдары дарегин айтып, «мен үйдө жалгызмын, келип кал, сени күтөм» дешет. 45 жашка чейинки айымдар көбүрөөк. "Сиз мага апа болуп каласыз" десем, "Эмне болуптур?" деп уялбагандарычы?! "Үй, машина алып берем, чет өлкөгө барабыз, бизнес ачып берем" дешип, айтор, эмнени гана сунушташпайт. Менде эркектик намыс бийик, эркек болгондон кийин баарына өз эмгегим менен жетишим керек.

Махабат Саматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (103)
MiSSi_SiPi
2013-09-19 00:33:18
Бул мачо өзүнүн алсыздыгын көргөзүп койуптур. Кандай күн башынан өтсө да, өзүн салабаттуу токтоолук менен интервью берсе болмок, эл адамы болгон соң! Же бул мырзага карыганда калжыңдатып переходный возрасть келгенби? ))
0
meka
2013-09-19 10:12:56
Уят эле. Кыямат күнү кантип жооп бересин? Зына кылып, анысын элге жайып мактанган ушул Даниелди кордум. Кыямат күнү Супер-Инфону окугандын бары күбө болот, бул бала Зынакор деп. Тозок отунан корк!
0
juka82
2013-09-19 11:38:35
бул да корбогондун коргону курусундун бири экен
0
crystaleyes
2013-09-19 13:02:02
хехех лан народ успокойтесь уже))) соогуно тиетурган создорду жазыпсынар!)азыр кооп аткан маалыда эс акылынада кирип калатыр)
0
crystaleyes
2013-09-19 13:02:02
хехех лан народ успокойтесь уже))) соогуно тиетурган создорду жазыпсынар!)азыр кооп аткан маалыда эс акылынада кирип калатыр)
+1
Lux
2013-09-19 14:45:13
Мен aijanга толугу менен кошулам,интервью берээрде жок дегенде бир аз ойлонсо болмок экен эл адамы болгондон кийин,ушул баланын озун вааще эле красява сезе бергени жакпайт.
+1
bemkow
2013-09-19 16:51:25
oi boi myncha ushaktagansynar koro albaisynargo Danyel' tak derjat'
0
gulperi.kg
2013-09-19 17:02:24
Бири деле супер дебептир гооо)))))уят
+1
talantbektegin
2013-09-19 20:11:54
Уяяят,жигит Ууяят,баардык эркектердин атынан жооп бербей жур мындан кийин,аман бол,мээнди иштеткенге аракет кыл
+2
chicagogirl
2013-09-19 21:27:00
Жанындагы кызы томпоська го )))
0
adaw
2013-09-19 22:45:13
oy bay baykebiz ayabay a4ilgan go . . . tim ele jer dunguroyt
0
Gulzarbek92
2013-09-19 23:03:01
Молодец Данчик. Так держать. Эркек.
-4
Anjella89
2013-09-21 02:22:40
Короче Ильяз Абдразаковго эч бир ырчы бала жетпейт ал простой,жонокой адам ырлардын баары маанилуу Даниель ж.б ырчыларга окшоп тыртандабайт
+2
gutler
2013-09-21 18:19:29
Даниель абдан мактаныпсынго,озунду мачо сезип. Мурдун ото чонда.
+1
Shekerbek
2013-09-23 18:31:05
gutler, manka
-3
Medina_solnyshka
2013-10-22 09:15:07
ит уро берет, кербен ото берет
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан