ҮЙ-БҮЛӨНҮН 4 МҮЧӨСҮН ӨЛТҮРҮШКӨН

Өткөн жумада Баткен районунун Кара-Булак айылында уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш катталды. Жеке ишкер Тажибай Эралиевдин үйүнө кирген кылмышкерлер үй-бүлө мүчөлөрүн бүт атып кетишкен. Үйдүн кожоюну оор абалда ооруканага жеткирилип, анын аялы, уул-келини жана 1 жаштагы небереси каза болгон.

«ПАЙДА ТАБУУ МАКСАТЫНДА КЫЛМЫШКА БАРЫШКАН»

Бул кылмыш тууралуу Баткен РИИБинин башчысы Арстанбек Усанов төмөнкүлөрдү билдирди:

– Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан 6-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар Баткен районунун Кара-Булак айылында жашаган Эралиевдин үй-бүлөсүн атып кетишкен. Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы Рахат Эралиева, 27 жаштагы уулу Каныбек Эралиев, 25 жаштагы келини Аида Байзакова, 1 жаштагы небереси Каныбек кызы Мадина тийген октордон ошол жерден эле жан беришкен. Ал эми Тажибай Эралиев оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бул боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (2 же андан ашык адамды өлтүрүү), 172-беренесинин 3-бөлүгү (автоунааны же башка автомототранспорт каражатын мыйзамсыз түрдө ээлеп алуу) жана 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү делинип мурун ок атуучу курал алып жүргөнү үчүн соттолгон, 1991-жылы туулган Кара-Булак айылынын тургуну Абсамат уулу Шербото жана Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын жашоочусу, 1993-жылы туулган Нуржигит Нуралиев кармалып, күнөөлөрүн толук моюнга алышты.
Абсамат уулу Шерботонун үйүн тинтүү учурунда ок-дары менен гильзалар, 2 даана ТОЗ-8 мылтыгы, 28 калибрлүү кесилген мылтык, кастет, дубинкалар жана кара кездемеден жасалган бет кап табылды. Мындан сырткары чемодандан уурдалган акчанын бир бөлүгү – 154 миң сом акча каражаты жана каза болгон Каныбек Эралиевдин дүкөнүнөн уурдалган ноутбук, колонкалар табылган. Абсамат уулу Шербото кылмыштын мотивин өч алуу деп айтып жатат. Бирок алардын кылганы анык эле пайда табуу үчүн мыкаачылык менен кылмышка баргандыгын көрсөтүп турат.
Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Абсамат уулу Шербото Эралиевдерге тууган болот экен. Эралиевдердин акчасы бар экендигин билип, Абсамат уулу Шербото менен Нуржигит Нуралиев түн жамынып Эралиевдердин үйүнө терезеден киришкен. Үйгө кирип, алгач Тажибай Эралиев менен жубайы Рахат Эралиеваны атып, андан соң алардын балдары жаткан бөлмөгө кирип уулу менен келинин 1 жаштагы наристеси менен чогуу атып салышкан. Тирүү калган 3 жаштагы Каныбек кызы Раяна ата-энеси жаткан бөлмөдө манежде жаткан экен, аны байкабай калышкан окшойт, ал жабыр тарткан эмес.
Баарын аткан соң Баткен шаарынын борборунда жайгашкан Каныбек Эралиевге тиешелүү уюлдук телефондорду сатуучу дүкөндүн ачкычын алып, Тажибай Эралиевге тиешелүү Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны айдап шаарга келишкен. Келип, дүкөндү ачкыч менен ачып кирип, ичинде болгон уюлдук телефондорду (54 даана), баалуу буюмдарды жана сейфте болгон акчаны алып чыгып кетишкен. Ошол эле автоунаа менен кайра Кара-Булак айылына барып, Эралиевдердин үйүнө 1 чакырым жетпей унааны таштап кетишкен. Эртеси күнү Абсамат уулу Шербото эч нерсе болбогондой үйүндө калып, ал эми Нуржигит Нуралиев Ош шаарына качып барып, андан ары Бишкек шаарына кеткен. Ал Бишкек шаарынан кармалып, биздин кызматкерлер тарабынан алынып келинди. Учурда экөө тең Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«БООРУМ ДЕГЕН БАЛА БООРГО ТЕПТИ»

Акылбек Эралиев, Тажибай Эралиевдин улуу баласы:

– «Боорум, боорум десең боорго тебет» деген сөздүн маанисин апамды, инимди, келинимди, инимдин кызын жоготкондон кийин билип жатам. Биздин үй-бүлөнү аткандардын бири Шербото бир тууган таякемдин уулу. Апам агасынын баласына боору эзилип «Ботом» деп эркелетчү эле. Апам боорум деп бооруна басып жүргөн бала минтип бооруна тепти. Апамдын «Ботом, ай, Ботом» деп эркелеткен учурларын эстеген сайын күйбөгөн жерим күл болуп жатат. Үй-бүлөмдү мыкаачылык менен өлтүргөн адамдар менен 4 адамдын жанын ала тургандай мамиледе эмес болчубуз. Болбогон акча үчүн ушундай кылмышка барышыптыр.
Шербото апам менен жакын эле. Үйүбүздө кайсы буюмубуз кайсы жерде турарын жакшы билчү. Үйдөгүлөрдүн баарын атып, Баткен шаарындагы акча сакталуучу сейф бар дүкөндүн ачкычын алып чыгып кетишиптир. Ошончолук акча керек экен, сурабайбы, бермекпиз го. Акчаны тапса болот, апам менен бир туугандарымды кайдан табам?! Учурда Шербото «мен өч алдым» деп жатат. Биздин кайсы күнөөбүз үчүн өч алат? Мынчалык мыкаачылыкка баргыдай эмне кылыппыз? Ким кандай экенин эл билет, эл таразалайт. Ага эч кандай актануунун кереги жок. Адилеттүүлүккө ишенип үмүт кылып отурабыз. Баарын Жараткан көрүп турат. Кудайга тапшырдык, ал өз жазасын берсин. Ата-энем быйыл ажыга барабыз деп камданып жатышкан, тилектерине жетпей калышты.

Ооган согушуна катышып оор жаракат албаган Тажибай Эралиев минтип тынчтык мезгилде, тууганынын колунан жаракат алып, үй-бүлөсүнөн ажырап отурат. Ок жаагына тийип, кара куш мээсине барып такалып калган. Учурда ага Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалып, дарыланууда. Тез сакайып кетишине тилектешпиз.
Бул кылмыш боюнча соттун жыйынтыгы чыкканда дагы кайрылабыз.

ТАК УШУНДАЙ КЫЛМЫШ ТАЖИКСТАНДА ДА КАТТАЛГАН
Баткен районунун Паскы-Арык айылы менен чектеш Тажикстандын Исфара районунун Сурх айылында 19-августтан 20сына караган түнү кылмышкерлер аңчылык куралы менен бир үй-бүлөдөн 4 кишини атып кетишкен эле. Анда да өлтүрүлгөндөрдүн арасында наристелер болгон. Кылмыш чек арага 3 метрдей жакын турган жалгыз үйдө болгондуктан, кыргыз жарандарынын тиешеси болушу мүмкүн деген да сөздөр чыгып кеткен. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, Тажикстанга чектеш кыргыз айылдарына кошумча күчтөр тартылган. Кылмышка шектүү болушу мүмкүн делинип тажик милициясы тарабынан Баткендин Паскы-Арык айылынын 3 тургуну кармалып, суракка алынгандан кийин бошотулган. Андан көп өтпөй бул кылмышка шектелип тажик жараны колго түшүрүлгөн.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
Sagidko88
2013-09-18 15:17:37
Алла жазаласын!Мыйзам чегинде да жооп бериши керек!
0
muni.kg
2013-09-18 16:23:48
toboo toboo
0
ainagul-kg
2013-09-19 01:42:08
атууга кетиш керек.
0
jizbiz
2013-09-19 04:11:43
фотолорунан эле корунуп турат.ал экоо маймыл-мырктар экени.
атып салыш керек мындай жаныбарларды.
0
Айпери Сыдыкова
2013-09-19 10:12:31
Ушундай жаман адамдар жаныбызда эле журушот да,мумкун дукондо,мумкун кошунан,мумкун минтип тууганын б.п чыга келет...Кудай сактасын,жамандын кесепети жакшыга деген чын да.Мындай адамдарга эркиндикте 2метр да орун жок болуш к.к.
+1
KUMU89
2013-09-19 18:57:44
Allah adamdarga yiman, insap bere kor. Kyrgyzdar ilgeri bilimsiz bolsoda, en jakwy sozdordu kaltyryp ketken. Boru balasy it bolboit. Bulwrda Adam bolboit. Mumkun bulardyn artynda uiuwulgan chon kylmywkerler turar. Aldyga jurson koz tiet, artta kalsan soz tiet. Ene sutu oozunan kete elek. Bulardy uwundaiynda kattuu chara koldonuw kerek. Turmodon chyksa kaitalanatgo okuia 100%
0
Bayas_Tural
2013-09-19 21:18:53
иттер каргыш тийсин
0
rustam_joroev
2013-09-20 03:04:27
буларгааа кандай жазаа болсодаа аз сволочи.. а у нас есть пожизненного заключения???
0
kadyrbeks80
2013-09-20 23:01:42
rustam_joroev, кыргызча эле жазсан, билбеген сон.
0
kristall
2013-09-20 15:58:36
Оо кудай, эмне болуп баратабыз адамзат! Улуу-кчууго ыйман бере кор! Буларга атып салган аздык кылат, кыйнаш керек, улам бир жерин кескилеп, жанын оорутуп... Уй-було башчысы да отуп кеткен тура, жандары жаннатта болсун маркумдардын. Кенедей балада эмне очу бар эле, ошону калтырып коюшпайт беле, акмактар! Атуу, олум аз буларга, ийне менен сайгылап, кескилеп,дагы, дагы... ушшшундай бир кыйнаса.
0
Januska
2013-09-21 02:00:21
Okunu4tuu, bizde kvartirada jashagan ejenin tuugandary bolot eken, al baikush da ke4ke kaigyryp jurot. Birok bul dele bilbeit eken emne sebepten je emne o4u bar ekenin, ak4a u4un ele go deim
0
nurik9090
2013-09-21 08:25:54
жаткан жерлери жайлуу болсун,аткандардын жазасын АЛЛАХ озу берсин.
0
abdu1987
2013-09-21 09:56:13
Сабыр кылын.Озунуз айткандай Кудай коруп турат озу жазасын берсин!Ажыга барганга чын дилден ниет кылып даярданган болсо жараткан албетте баргандай кабыл кылат.
0
mars86
2013-09-21 17:52:59
буларды казанга салып кайнатыш керек
0
Shekerbek
2013-09-23 17:34:40
kiyimderin chechip kolun tros menen bailap? BMW menen 10km suirop, bawtaryna kainak suudan kuiup, eki butun syndyryp, olo chankaganda anan atyp salysh kerek!
0
lady02
2015-01-20 23:59:18
Кудайым озун сактай гор.Жаткан жери жайлуу болуп,бейишке барышса экен.Жапжаш балдар кантип наристенин жанын алууга барышты экен.
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан