«Күүгүм» тасмасынын жылдызы Кристен Стюарттын 15 мүнөттүк убактысы 500 миң долларга бааланды. Дегенибиз, жакынкы чыгыштык бейтааныш мырза актриса менен болгон жолугушуусу үчүн 500 миң доллар сунуштаган. Табышмактуу чыгыш ханзаадасы ким экени айтылбайт, бирок ал өзү кайрымдуулук уюмдардын бирине кайрылып, Кристен менен жолуктуруусун өтүнгөн. Кристен өзүнө болгон бааны укканда баш тарта алган эмес. Кошумчалай кетсек, жолугушуудан түшкөн акчаны актриса "Сэнди" ураганынан жабыр тарткан адамдарга жумшаганы белгилүү болду.