Кара тумоо оорусу элдин баарын үркүтүп жатканда Каракол шаарындагы автобекеттин аймагынан суурдун эти, териси табылды. Араң турган эл дагы бир дүрбөп алды. Окуяны күчөтүп, «кара тумоо илдети жайылып баратат» дегендер да чыкты. Чын-төгүнүн билүү бизге да кызык болду.
Алгачкы кадамыбыз Каракол ШИИБине болуп, аталган ишти карап жаткан тергөөчү, милициянын лейтенанты Кубанычбек Акмолдоевге жолуктук.
– Үстүбүздөгү жылдын 29-август күнү кезметте тургам. Күндүзгү саат 11:30 чамасында Каракол шаардык автобекетте иштеген кызматкерлер «Белгисиз жаныбардын эти салынган мүшөк жатат» деп телефон аркылуу билдиришкен. Жетекчилик менен бирге тергөө ыкчам тобу айтылган дарекке бардык. Автобекеттин түндүк-чыгыш тарабында мүшөккө салынган белгисиз жаныбардын эти менен териси жаткан экен. Дароо Каракол шаардык жугуштуу ооруларга каршы бөлүмүнүн кызматкерлерин чакырып, табылган алты суурдун эти экспертизага жөнөтүлдү.
Шаардагы «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери ташталган этти жеши мүмкүн болгондуктан, жолбун иттерди атышкан. Экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болуп, суурдун этинде эч кандай оору жок деп чыкты. Ал эми ташталганы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Суур болжол менен ташталган убактан 3-4 күн мурун союлган экен. Бүгүнкү күндө бул боюнча ар кандай версиялар айтылууда. Чындыкка жакыныраагы бирөөлөр Бишкекке алып кетүү максатында суурдун этин алып барып, анан айдоочу автоунаага салдырбай койгон болуш керек. Аргасыздан ошол жакка таштаган деген божомолдор бар. Учурда суур этин, терисин таштаган адам изделүүдө.
Сапарыбызды улай суур эти ташталган аймакка бардык. Облустук автобекет жана автокассалар ишканасынын башкы директорунун орун басары Өмүрбек Жанузаков окуянын күбөсү катары буларды айтып берди.
– Ошол күнү автобекетке чектеш аймакта мүшөккө салынган белгисиз жаныбардын эти жерде жатканын көрдүк. Тиешелүү органдарга телефон чалдык. Алар «жакын жолобогула» деп эскертүү берип, көп өтпөй өздөрү да автобекетке келишти. Каракол шаардык жугуштуу ооруларга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери келип, суур ташталган аймактын баарын тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Эл дүрбөп жатканда бул окуя ого бетер тынчсыздандырды. Угушума караганда, суурдун эти, майы дарылыкка сатылып, териси да баалуу экен. Суурдун терисинен тумак кийип эле жүрбөйбүзбү. Кара тумоо оорусу катталганга дейре кардарлар байма-бай алып-сатып келишкен. ИИМдин кызматкерлери анализ чыкканда элге кабарлайбыз дешкен. Бирок жыйынтыгын бүгүнкү күнгө чейин билген жокпуз.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg