«БУЛ ЖОЛУ КЕЧИКПЕ...»

Досумдун машинасында отурганым менен, көздөрүм тээ төмөндө шар аккан суунун жээгиндеги мажүрүм талды мергенчинин дүрмөтүндөй акмалайт.
– Дагы канча күтөбүз?
Элдияр күтүүдөн тажаган кишидей үн катты.
– Караңгы кирсин. Чыдай тур, досум!
Аны жооткотуп коюп кайра эле мажүрүм талды көздөрүм күзөттү. Эх! Ушул тапта шактары ийиле өскөн мажүрүм тал бир кездерди эске түшүрүп жатты...
Салима менден эки класс төмөн окучу. Таза, жакшы окуган, сулуу кызга айылдын жигиттери баарыбыз ашыкпыз. Бирок ал кыздын колун кармап, жагымдуу сөздөрүн угуу ал кезде жомоктой сезилчү. Чынында, Салима менен таанышып калам деп ойлогон да эмесмин. Бир күнү сабактан чыксам, ал үйүнө жалгыз баратыптыр. Ал кезде 10-класста окучумун. Таанышып, үйүнө чейин узатып барганым али күнгө эсимде. Салиманын үйү ушул мажүрүм талга жакын. Экөөбүз жол менен барбай, эл көзүнөн оолак, суу бойлоп басып барганбыз. Анан мажүрүм талдын түбүндө көпкө туруп, ал үйүнө бакчасындагы суу алчу жол менен кирип кеткен эле. Ошол күндөн баштап экөөбүз ынак болуп кеттик. Айлуу түндөрү эчен ирет мажүрүм талдын алдында сырдаштык. Кыналыша асмандан жылдыз санаганды жакшы көрчүбүз. Экөөбүз «чогуу болобуз» деп далай ирет бири-бирибизге сөз бердик. Акыры атама айтып, Салимага сөйкө салайын дедик. Бирок мен ойлогондой болбоду. Салиманын атасы бизди кабыл албай, караманча каршы болду. Көрсө, бир досу Салима төрөлгөндө эле уулуна алып берем деп бел куда болуп коюптур. Ошону менен Салиманы көрө албадым. Атасы биздин жолугушуубузга тыюу салды.
Бир жолу курбу кызы аркылуу ага кат жазып, кечинде мажүрүм талдын жанына жолугушууга чакырдым. Ошол күнү аны таң атканча күттүм. Бирок сүйгөнүм келбеди...
Күндөр өтө берди. Мен окууну бүтүп шаарга келдим. Шаардан бир досумдан Салиманын турмушка чыкканын уктум. Ок жегендей жүрөгүм жараланып, жалгыз кала бердим...
Кийин айылдагы атамдын жакын досунан дагы бир чындыкты уктум. Көрсө, атам жаш кезинде Салиманын апасы менен сүйлөшчү экен. Экөө баш кошобуз деп жатканда Салиманын атасы ала качып кетиптир. Мага эмнеге кызын бергиси келбегенинин себебин эми түшүндүм.
3-курста окуп жүргөн кезимде атам оорудан каза тапты. Кайран киши. Мени дайыма жанына ээрчитип алып акыл-насаатын айтуудан тажачу эмес. Эмнегедир мени башка балдарынан өзгөчө жакшы көрчүдөй туюлчу. Кичинемде балык уулоого ээрчитип чыгар эле. Көбүнчө ушул мажүрүм талдын жанына келип балык уулаганды жакшы көрчү. Атам каза болгондо аска-зоом урап калгансыды. Кырк күндүгүндө атамдын ар бир кыймыл-аракети, сөзү эсиме түшүп, көзүмө жаш тегеренип жатты. Анан «чоңоюп эле калган бала ыйлап жатат» деп ойлобосун деп так ушул мажүрүм талга чуркап келдим. Ушул жер, ушул тал мен үчүн жакын эле. Салиманы, атамды жоготконума ишене албай турдум. Шар аккан суунун боюнда отуруп алып бугумду чыгара ыйлап алдым. Улам ташты сууга ыргытып, атам экөөбүздүн балык уулаган эң сонун күндөр артта калганына ичим туз куйгандай ачышты. Бир топ убакыт өткөн соң өзүмө келип ордумдан турдум да, нес боло түштүм. Себеби Салима мени көздөй басып келе жаткан экен. Ыйлаганымды билдирбейин деп жеңим менен көзүмдү аарчып, анан алдынан утурлай тосуп чыктым. Ал да мени көрүп нес болду да калды. Экөөбүз үн-сөзсүз бир саамга туруп калдык. Анын капкара көздөрүнөн мага болгон сагынычы, таарынычы байкалып турду.
– Кандайсың?
– Жакшы...
Салима өзүн күнөөлүү сезгендей акырын шыбырай жооп кайтарды. Эки аттап жетип аны кучагыма бекем кыскым келди, бирок намыс жол бербеди. Эмнеден сөз баштаарымды билбей кысталдым.
– Кандай жүрөсүң?
– Жакшы...
– Мени кечирип койчу.
– Эмнеге?
– Сени сагындым. Түшүнөм, сенин күйөөң бар, мени менен жолугуу сен үчүн уят, элдин ушагынан, атаңдын каарынан коркосуң. Бирок азыр мен сени кучактайм! Жаман көрбө!- дедим да баарына кайыл боло Салиманы кучактап, саамайынан акырын сыладым. Ал каршылык көрсөтө алган жок. Тек гана:
– Эрмек, эл көрсө эмне дейт?- деп уялыңкы үн катканы менен, ал деле мени сагынган экен, көзүнө жаш ала:
– Мени кечирип койчу, убагында сага жолукпай качканым үчүн азыр да өзүмдү жек көрөм!- деп жалбара кучагыма ыктап, кулагыма шыбырап жатты. Анан ал мага баарын айтып берди. Ортодо сүйүү жок 3 айдан кийин эле күйөөсү менен ажырашып тынган экен. Ошол күндөн тарта экөөбүз кайрадан жолугуша баштадык. Акыры эч кимге айтпай шаарга качып кетүүнү алдын ала сүйлөшүп алдык. Ал күндү бүгүнкүгө болжогон элек. Ошентип караңгы кирип, айланада айыл тургундары азая баштады. Бир маалда Элдияр саатын карап:
– Бара берсеңчи, убакыт болду окшойт,- дегенинен машинадан чыктым. Жалгыз бөрүдөй желип-жорто мажүрүм талды көздөй жөнөдүм. Санаам миңге чачырап, жүрөгүм элеп-желеп боло бир башкача согуп жатты. Мажүрүм талдын түбүнө келсем Салима жок. "Бул жолу кечикпе..." деп канча болсо да күтүүгө туура келди. Бирок ашыгым дале жок. Асмандагы жаңыдан жаңырган ай тоо кырына жашынып, айылдын үрүл-бүрүл жарыктары четинен суюла баштады. Сыдырым жел бетимди аймалап, улам Салима келчү жолду карайм. Көрүнбөйт. Кечигип жатты. Ал кечиккен сайын келечегим бүдөмүк тарта, айлам кетет. Ал жерде 3 сааттай күттүм. Сыягы, бул жолу да келбейт өңдөнөт. Көптөн кийин гана шаабайым сууп, шалдырай артка кайттым. Беш-алты кадам таштаган соң артымдан мен күткөн Салиманын үнү угулду:
– Эрмек!
Ошол замат ага чуркап жетип, кучагыма бекем кысып, алкымынан кумардана жыттадым. Ал болсо мага эркелеп, кулагыма шыбырап жатты:
– Көпкө күтүп калдыңбы?

Эрмек

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Jakiza
2013-09-19 23:57:41
менимче бактылуу жашашса керек
0
adiltim
2013-09-20 03:50:45
эх суйуу менда бироону суйуп калдым
-1
malika80
2013-09-20 17:27:58
Суйуу бул ыйык сезим!!!
0
kubi12
2013-09-20 18:37:15
Соонун чыгарма гоо
0
kubi12
2013-09-20 18:38:39
Соонун чыгарма экен
0
rozka
2013-09-21 22:57:15
Аягы жакшы бутуптур бактылуу болушсун. Бирок качпай эле койгондо ата энесине айтса тушунушот го
+1
SuLuWkA
2013-09-22 01:19:23
ЭЭЭЭЭх кандай соонун адам суктанаарлык суйуу азыркы заманда ушундай суйуу бар экенине кумонум бар.
0
Prosto-Anjelina
2013-09-22 22:37:08
Ээхх сонун чыгарма экен откон кундор эске тушотгоо
0
sher89
2013-09-27 23:46:40
Уландысы барбекен кызыктуу окуя экен
0
Typyskoo
2013-10-03 14:25:19
Жарымынан бутуп калыптыр аябай кызыктуу болуп келатып!Качан жиберет экен уландысын????
0
AshatMJ89
2013-10-03 14:45:37
уландысы жок, бутту
0
Sweet-Lika
2013-10-17 10:09:46
Жарым эмес, толук эле. Мындан башканын кереги жоктой... Баары тушунуктуу, жакшы чыгарма экен.
0
Kesh.26
2014-01-07 14:35:47
Адамдагы болгон эн жакшы сезимди чагылдырган. Жеткиликтуу жана кооз жазылган история... +5
0
gulnara0868
2014-01-12 23:13:50
кандай гана керемет жана сонун чыгырма рахмат
0
Hanzada
2015-08-26 01:16:20
Бактылуу болушсун соонун болуптур
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан