31-августтан 1-сентябрга караган түнү саат 24:00 чамасында Кара-Буура районунун Маймак айылынын тургуну, 1974-жылы туулган Эрмеков кармалган. Ал мыйзамсыз түрдө өзүнө тиешелүү болгон мамлекеттик номери жок ГАЗ-53 автоунаасы менен коңшу Казакстандын аймагынан Кыргызстанга 1500 литр күйүүчү май ташып келе жаткан. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.