26-август күнү Бакай-Ата айылынын тургуну Бакболот Эшенкуловдун жылкысы Кара-Коюн жайлоосунан белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. «Транзит» рейдинин жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектүү делинип Сокулук районунун тургуну, 1978-жылы туулган Р.С кармалган. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.