Адам өлтүрүүгө шектүү делинип Талас шаарынын жашоочусу кармалды. Апта башында Талас шаарынын Байдылда Сарногоев көчөсүндөгү үйдөн 1982-жылы туулган Н. аттуу адамдын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Бул кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү делинип ошол эле даректе жашаган М. аттуу жаран кармалды.