Борбор калаабыз Бишкекте өтүүчү залкар комузчу Ыбрай Тумановдун 125 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык фестивалына Талас облусунан 4 адам катышты. Алардын башында комузчу Намазбек Шеркулов туруп, 4 райондон 4 мыкты делген комузчулар жол алды. Алардын бири Жолчубек Абдиев: «Мындай улуу инсандын 125 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык фестивалына катышуу биз үчүн чоң сыймык»,- деп билдирди.