Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрь күнү Манас районунун Покровка айылынын Керим аке көчөсүндөгү үйдө өрт кырсыгы катталган. Өрт кырсыгынын натыйжасында үйдүн жанында жыйылып турган 3000 түк чөп күйүп кеткен. Бактыга жараша үй ээлеринин өмүрүнө коркунуч келген эмес. Учурда кеткен материалдык чыгымдар такталууда.