Эркек бала менен кыздын ортосундагы достукка көпчүлүк ишенбейт. Мындай достук актёр Эмил Бектемиров менен ырчы Айпери Сыдыкованын ортосунда да бар. Бала кезинен баштап бирге бийлеп, бир чөйрөдөн тарбия алган эки достун тентек кыялдары, балалыктагы кызыктуу учурларын кеп кылабыз.
Айпери Сыдыкова, ырчы:
– Эмилди мен такыр толук атынан атабапмын. Ёма деп жүрүп азыр Эмил десем ыңгайсыз болуп жатам (күлүп). Эмил «Адеми» бийчилер тобунда бийлечү. Ошондо таанышып, дос болуп калганбыз.
Эмил шок эле, мен мындан ашкан тентек болчумун. Бирок бирөөлөрдү токмоктоп, буюмдарын тартып алган тентек эмес элек. Убактыбыздын көбү ар нерсени кыялдануу менен эле өтүп кетти окшойт. Кыялданып жүрүп Кореяга жетпей койдук. Аны кыялданганыбыздын себеби, Эмил корей сериалындагы Тангемди аябай жакшы көрчү. «Селсаяк болуп кетсем да Кореяга барып, Тангемге жолугам» дегенден тажачу эмес. Балабыз да, «мен да барам» деп ага кошулуп алчумун. Имиджи да өспүрүм кезинен эле корей стилиндей болчу.
Эмил Бектемиров, актёр:
– Айпери кичинекей болгону менен, аябай шамдагай эле. Кыздарга кошулчу эмес, мүнөзү эркек балдардыкындай болчу. Кызсың деп деле биз муну четке чыгарбаптырбыз. Кичине кезинен эле сыр жашыра билчү. Негизи, кыздар ушакты бат таратат эмеспи, Айпери биздин ортобуздагы сырды эч жакка чыгарчу эмес. Чыныгы эркекче дос элек.
Айпери:
– Биз катышкан бий тобунда тартип катуу эле. Бир бала менен сүйлөшүп жүргөнүңдү көрсө, топтон айдап салчу. Эсимде, Ёма топтогу бир кызды жактырып калып, базардын жанына жашынып алып сүйлөшүшкөн. Мен ары жакта күтүп, бирөө келип калбасын деп эки жакты карап тургам. Ошентип жашынып сүйлөшүшчү, эжейлерибиз билип калышса мени да, ал кызды да жазалашмак. Бирок булардын мамилелери жактыруу менен гана чектелип, сүйүү сезимине жетпеди. Андан бери Ёманын бир да кыз менен мамиле түзгөнүн көрбөдүм, кыздар жөнүндө да кеп козгобойт. Корей сериалындагы Тангемчелик эч кимди жактырбай жатат окшойт.
Эмил:
– Тангемдин акылдуулугу, иш билгилиги мага аябай жакчу. Бирок аны көргөндө өспүрүм элем, ал кызга адамдык баа берүүнү мага ким коюптур деп таң калам. Чыныгы бактымды таптым дегенде гана Айпери менен тааныштырам го.
Айпери эркек балдар менен дос болгон үчүнбү, жигиттер менен сүйлөшүү деген оюна да келчү эмес. Кийин аяшыбыз ойготту окшойт сезимдерин.
Айпери:
– Экөөбүз тең филармонияда иштеп калдык. «Ак куулардын арманына» клипке тартылгандан кийин Ёма аскерге кетти. Кийин чачы жок келип жатпайбы, мурдагы Ёма жок, таптакыр башка адамды көргөндөй болгом. Мен мурдагы чач жасалгасына көнүп алган экенмин.
Урушуп, кыйкырганыма чыдагандыктан, клиптериме Эмилди тарттыра берчүмүн. «Эркем» деген ырыма клип тартып жатканда кастингден башка баланы тандап алганбыз. Анан кош бойлуу болгондуктан, эч нерсе жакпай, кичине нерсеге да ачуулана берчүмүн. «Мындай кыялым менен анча-мынча адам менен иштеше албасам керек, андан көрө Ёманы эле чакырайын» деп күлгөм.
Эмил:
– Кичинебизде мени ар нерсе кылып кыйнаган Айпери чоңойгондо да ошол адатынан жазбады. «Клипке тартылып бер» деп чакырат. Эки клибине тартылдым. «Ак куулардын арманы» аттуу ырынын клибине тартылып жатканда кыш мезгили болчу, тартып бүткөнчө тоңуп калгам. Бир нерсе десем «жөн тур» деп кыйкырат. Ал эми «Эркем» аттуу ырында өзү кош бойлуу болуп туруп клип тартып жатат, Сулайман тоонун башында. Жай мезгили, күн аябай ысык, тердеп, күнгө күйүп калгам. Ушинтип эле мени кыйнап жүрө берет.
Айпери:
– Достукка бекмин. Ёмага болушуп башкалар менен сөз талашып айтышкан учурлар болгон. Кээ бир тааныштар «клиптеги досуң аябай назик» дей беришчү. Ачуум келип, «Назик болсо да кээ бир балдарга караганда чыныгы эркек. Башкаларга окшоп качпай, аскердик кызматты өтөп келген» деп күйүп кетчүмүн.
Токтоо болчу, өспүрүм курагында ичип, чегип, балдар менен мушташканын көрбөдүм. Же эч кимге көрсөтпөй жасайбы билбейм (күлүп). Бир жолу аябай суук болуп, мен үшүгөнүмдөн өзүмө жараштырбай калың кийинип алган элем. Филармонияга кирип баратсам Эмил мени көрүп «Эмне болуп алгансың?» деп жатпайбы. Мен сыр бербей «ишиң болбосун, үшүп жатам» деп кирип кеттим. Жанымда канча кыздар жүрсө да, мага Эмилчелик туура сын айтышчу эмес. Кеңеш сураганда туура ой менен жол көрсөтүп жатканын байкайм.
Ёмадан башка да эркек досторум бар. Кыздар менен дос болуу кыйыныраак, менин кыялым көп кыздарга дал келе бербейт, курбуларым да эркек мүнөздүү. Кыз менен эркек дос болбойт дешет, бирок чыныгы достук эркек, кыз деп тандабайт экен.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg