8-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында жол кырсыгы катталып, 8 жашар кыз каза болду. Бул боюнча Ош облустук ИИБинен кабарлашты.
Жаңы-Базар айылынын 9-классынын окуучулары ГАЗ 2401 автоунаасын ата-энесинин уруксатысыз айдап чыгышып, жолдо бараткан 8 жаштагы кызды сүзүп кетишкен. Кыз ооруканага жетпей каза болду. Өспүрүмдөрдүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.