ЖАҢЫЛ АЙСАРАКУНОВА, актриса: «ТУРСУНБАЕВА АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫК САХНАДАН БЕРИЛБЕДИ»

«Тандаган кесип канчалык жан дүйнөгө жакын болсо, аны рахаттануу менен багып, кээде ал жеке жашоодон да биринчи орунга чыгып кетет экен. Менин кесибим азырынча жеке жашоомдун ордун ээлеп алган»,- деген ою менен кеп баштады каарманым. Нарын музыкалык академиялык драма театрынын ырчы-актрисасы Жаңыл Айсаракунова менен маегибиз ачык өттү.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү –
1975-жыл, 10-август
Туулган жериАт-Башы району, 1-Май айылы
БилимиИ.Арабаев атындагы КМУнун музыка бөлүмүн бүтүргөн

– Жаңыл айым, алгач чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
– Чыгармачылыгым өз нугунда бара жатат. Эс алуудан келип, жаңы дем-күч менен жеңди түрө иштөөнүн алдында турам. Жакында Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган 5-театралдык фестивалда Турсунбаева атындагы сыйлыкка татыдым. Мындай чечимди комиссия фестивалдын аягында чыгарган экен. Тилекке каршы, сахнадан берилген жок. Ошентсе да бул чечимге ыраазы болдум, эмгегим бааланды деп эсептейм.
– Сизди көпчүлүк Нонна деп тааныйт, бул атты ким ыйгарган?
– Ооба, көбү Жаңыл десе, «Кайсы Жаңыл, Ноннабыдеп сурашат. Бул ысым менин бала чагымдан бери келе жатат. Себеби ата-энем Нонна деп эркелетчү. Кийин бүт айыл ушул ат менен атап алышты. Бир агам бар, төртүнчү эжемден кийин уул төрөлсүн деп атымды Жаңыл коюшкан экен.
– Чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшкөнүңүзгө канча болду?
– Бала кезимден эле сахна адамы болууну кыялданчумун. Эжемдин музыкалык билими бар, институтта окуп жүргөндө жалаң опера ырларын аткарчу. Үйгө улуу опера ырчыларынын шедеврлерин алып келип укчу. Мен таасирленип, тилим келбесе да ырдай берчүмүн. Кийин Арабаев атындагы окуу жайдын музыка бөлүмүнө тапшырдым.
Бир жолу Нарынга, үйгө коноктор келип калганда колума комузумду алып, аларга ырдап бердим. Ошондо театрда иштеген эжелер «биздин театрга сендей таланттар керек, келип иштеп көр» деп калышты. Кызык болуп театрга келдим. Убакыттын өтүшү менен театрга кандай байланып калганымды өзүм да байкаган жокмун. Жеке концерттеримди бердим. 2003-жылы Табылды Актановдун «Аюунун сүйүүсү» драмасында башкы ролду ойнодум.
– Канча аспапта кол ойнотосуз?
– Ырдап, роль жараткандан сырткары фортепианодо ойной алам, комуз чертем, ошондой эле гитара менен да тар чөйрөдө ырдап калам. Эргүү келип турганда кагаз бетине ырларды чиймелейм, ага обон жаратам. Республикалык 5-театралдык фестивалдын жабылышында аткарылган «Фестиваль ыры» деген ырдын сөзү мага таандык.
– Кесибиңиздин кызыгына кирип кетип жеке жашоону унутуп коё элексизби?
– Турмуш кура элекмин. Кудай буюрган күнү бир үй-бүлөнүн очогун тутантып, мотурайган балдардын апасы болом. Азырынча бир гана чыгармачылык менен алпурушуп жүргөн чагым.
– Жараткан ролдоруңуздан жүрөгүңүзгө эң жакыны кайсы болду?
– Берилип, чын дилим менен көзүмө жаш алып аткарган роль Замир Сооронбаевдин «Сүйүү арманы» драмасында Калия Жанузаковна аттуу жалгыз бой аялдын ролу болду. Толугу менен болбосо да, анын жашоосундагы айрым сүртүмдөр меникине окшоп кетет.
– Жакында эле эс алуудан келипсиз, чыгармачылыкка кандай дем-күч менен кайттыңыз?
– Ооба, кереметтүү Ысык-Көлгө барып эс алып келдим. Быйыл жылдагыдан өзгө­чө­лө­нүп жалгыз бардым. Бир жума бою көл жээкте Ысык-Көл менен сырдашып, чыгармачыл адамдар айтмакчы, стресстен арылдым. Жан дүйнө тынч алып, ызы-чуу дүйнөдөн алыстап, эс алып калат экенсиң.
– Маегиңизге рахмат.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
talas-manas11111
2013-09-16 16:39:05
Жакшы маек болуптур))
0
kamo
2013-10-12 10:24:16
Бул кайсы актриса эле? Мен тааныбай экемин.
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан