Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы драма театрында 10-сентябрда «Мекеним менин – Кыргызстан» аталышындагы концерт болду. Аны ИИМдин 10-башкы түштүк башкармалыгынын улуттар аралык жаңжалдарга каршы күрөшүү бөлүмү жана облустук телекомпания биргеликте уюштурган. Максаты – өлкөнүн түштүк аймагында жашаган улуттардын өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу, улуттар аралык мамилени бекемдөө. Мындай иш-чара Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жыл сайын өткөрүлүп келет.