Жалал-Абаддын Чаткал районуна караштуу Коргон-Сай айылына жакын жерге «Империя-Групп» фирмасы тарабынан асфальт-бетон заводу курулуп, 5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. 2013-жылдын 6-майында Ала-Бука, Каныш-Кыя, Кировка унаа жолунун Чаткал өрөөнүн аралап өткөн бөлүгүнүн 15 чакырымын асфальттоо боюнча токтом кабыл алынган. Анын негизинде быйыл 5 чакырым аянтына асфальт төшөлүп, калган 10 чакырымына кийинки жылы төшөлөрүн билдиришүүдө.
Ага кеткен каражатты район аймагында иш жүргүзгөн фирмалар которуп, жалпы суммасы 10 миллион сомго жеткен. Бул ишти көзөмөлдөө үчүн райадминистрация тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.