АБДИРАШИТ ТААБАЛДЫЕВ, машыктыруучу: «МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРДЫ ДАЯРДАГЫМ КЕЛЕТ»

Бүгүн бизде конокто Баткен облусуна белгилүү машыктыруучу Абдирашит Таабалдыев. Көптөгөн ийгиликтүү жеңиштерди камсыз кылган спортчулар ушул агайдын колунан чыккан. Ал Баткен облусундагы учурдагы абал жана спорттун абалы тууралуу маек куруп берди.

– Абдирашит мырза, облустагы спорттун абалы тууралуу айта кетсеңиз...
– Жакшы деген баа коё албайм. Күчтүү спортчулар жок эмес, бар. Аларды колдогон республикалык, дүйнөлүк олимпиадаларга алып чыккан колдоочу жок. Каражаттын жоктугунан спорттун көп түрү өнүкпөй калууда. Мамлекет спортчу кайсы бир мелдешке бара турган болгондо гана жол киресин, тамак-ашын төлөп берет. Ал эми даярданууга тамак-ашын, спорт аянттарында шартты түзүп бере алышпайт. Спортчу­га жакшы шарт түзүлбөсө, ал мелдеште эч кандай ийгилик жарата албайт.
– Жакында эле жаңы спорт аянтын ачтыңыз...
– Мен өзү оор атлетика боюнча машыктырам. Бул спорттун олимпиадалык түрү болуп эсептелет. Окуучуларыма машыгуу үчүн жаңы, заманбап үлгүдө жазгы жана кышкы кылып спорт аянтын ачтым. Ал аянтка өзүмдүн каражатымды жумшадым. Аянт мурда колдонулбай жаткан жер болчу. Бул жерде окуучулар акысыз машыгышат. Дүйнөлүк таймаштарга алып чыга турган балдарым бар.
– Спорт деп жүрүп билим жагынан аксап калгандар болбойбу?
– Окуучуларымдын билим жагынан аксап калуусуна жол бербейм. 20 жыл мектеп­те дене тарбия мугалими болуп эмгектендим. Мага келип машыккан ар бир баланын мектепте кандай окугандыгын, ата-энеси ким, алар менен кандай мамиледе экендигин баарын билем. Машыктырган баламды жакындан би­лүүгө аракет кылам.
– Ушуга чейин балдарыңыз кандай ийгиликтерди жаратты?
– Баткендин тарыхында 1-жолу Баткенде машыгып, оор атлетика боюнча 2 спортчу спорттун чебери болушту. Ал эми 4 бала спорт чеберинин кандидаттары болушту. Республика боюнча окуучулардын спартакиадасынан 7 команданын ичинен 3-орунду алдык. Рустам Тажидинов деген окуучум Ташкентте өткөн Дүйнөлүк чемпиондукка барып, 57 катышуучудан 27-орунга жетишти. Мындан сырткары 2 окуучум оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасында. Жакында эле Захид Токтобаев аттуу окуучум Азия чемпиондугуна катышып, 8-орунга ээ болду. 15-сентябрда Рустам Тажидинов деген окуучум Казакстандын Алматы шаарында өтө турган КМШ мамлекеттеринин биринчилигине жөнөп жатат. Ал эми Захид Токтобаев ноябрь айында өтчү Азия кубогуна катышат.
– Баткенде оор атлетикадан башка спорттун кайсы түрү жакшы өнүккөн?
– Биз спорттон өнүгүп жатабыз деп айта албайм. Азыркы учурда жаңы кичи футбол аянтчалары курулуп жатат. Бирок алардын баарына акы төлөп кирүү керек. Мындай учурда таланттар өнүгө албайт, футбол эле эмес, спорттун башка түрлөрү аркылуу болсо да өнүк­пөйбүз. Жергиликтүү бийлик тарабынан спортчулар үчүн шарттар түзүлсө, Баткендин, деги эле Кыргызстандын намысын коргойм деген балдар көп.
– Сиздин ишиңизди уланта турган уулдарыңыз барбы?
– 2 уул, 3 кызым бар. Чоң уулум оор атлетика менен алектенет. Бирок ал менин ишимди улайбы же жокпу аны убакыт көрсөтөт. Көп ой-мак­саттарым бар. Кыр­гызстан­дын желегин жел­биретип, Гимнин ойноткон спортчуларды даярдасам дейм.
– Азыркы жаштарга көз карашыңыз...
– Албетте, коом өзгөрүлүп турат. Мурда биз эч бетке айтчу эмеспиз. Анан да мугалимдерге тандабай эле баарына бирдей салам берчүбүз. Азыркы жаштар мугалимдин деңгээлине жараша салам беришет. Эгер кайсы бир мугалим жакпаса, саламдашпай өтүп кетишет. Улуу-кичүү дебей бетке таамай айтышат. Албетте, бул нерсенин жакшы да, жаман да жагы бар.
– Баткенде акыркы убакта көптөгөн чуулгандуу окуялар болуп кетти. Ушундай окуялар эмне себептен чыгып жатат деп ойлойсуз?
– Өкүнүчтүүсү, көп учурда жаштар кырсыкка катышуу­да. Аларды да күнөөлөө кыйын, баары бекерчиликтен келип чыгып жатат. Көчөгө чыкса, 2 баланын башы бириксе бир план түзүшөт же компьютердик оюндарга барышып, адам өлтүрүп, атышып ойношот. Андан сырткары батыштын кинолорун көрүп, кинодогу көрүнүштөрдү кайталап көр­гүлөрү келет. Спорт менен машыгууга үгүттөп, балдарды бош калтырбаш керек. Андан сырткары соттор кылмышка адилеттүү карап, толук түрдө жаза берилишин камсыз кылса, жаштар кылмыш кылып жатканда анын арты эмне болорун ойлонушат.
– Жашоодо эмнени баалайсыз?
– Эң биринчи жашоонун өзүн баалайм. Акыркы күн­дөр­дө тынчтыкты, бейпил жашоону баалап калдык. Баткенде буга чейин тынч эле жашачубуз. Ушул 2013-жылдын январь айынан баштап эле тынчыбай койдук. Азыр эми эл да чочулап калды окшойт. Чек ара эле эмес, андан башка да каргашалуу окуялар болуп кетти. Бизде да тынчтык болуп, өнүгүп, бейпил жашаарыбызга ишенем.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurik9090
2013-09-21 08:41:23
ийгилик спортчуларга.
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан