Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгы катталып, анда автоунаа жол четиндеги сууга кирип кеткен. 8-сентябрдагы бул жол кырсыгында айдоочу окуя орун алган жерден көз жумган. Ал эми ичинде бараткан дагы эки киши, бактыга жараша, аман калышкан. ӨКМнын маалымат кызматы билдиргендей, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай кырсыкка учураган.
Эске салсак, 2-сентябрь күнү да Баткен облусунун борборунан 20 чакырым алыстыктагы Ош-Исфана жолунда үйлөнүү үлпөтүн коштоп бараткан Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, айдоочу, бир аял жана 4 жаштагы бала жан берген. Мындан сырткары оор жаракат алган эки жаран ооруканага жеткирилген.