9-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында көп балалуу энелер «Баатыр эне» наамына ээ болушту. Кызыл-Кыя шаарынын мэри тарабынан көп баланы төрөп, тарбиялап чоңойткон 48 аялга «Баатыр эне» күбөлүгү берилди. Ал эми 6 баланы төрөп-өстүргөн 9 аялга «Эне даңкы» наамы ыйгарылды. Кызыл-Кыя шаарында айылдар менен биргеликте эсептегенде 200дөн ашуун Баатыр эне бар. Алардын экөөнүн 14 баласы бар.