Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын жол-кайгуул кызматынын башчысы Мустапакул Назаров билдирет. Анын айтуусунда, жол кырсыгынан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун саны былтыркы жылга салыштырганда 30,7 пайызга өсүп кеткен. Алсак, үстүбүздөгү жылдын август айына чейин Баткен облусу боюнча 161 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 22 киши көз жумуп, 241 киши ар кандай жаракат алышкан. Мустапакул Назаров жол кырсыгынын кескин көбөйүшүн Ош-Баткен жаңы жолунун курулушунун бүткөндүгү менен байланыштырып, жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.