ОТ МЕНЕН ОЙНОБО!

Мезгил өткөн сайын шаарларыбыз кеңейип, ал тургай айылдарыбыз да өсүүдө. Жаңы үйлөргө да, эски үйлөргө да колунан келгендер газ түтүктөрүн киргизип, электр буюмдарынын түрү көбөйгөн сайын электр энергиясы да көбүрөөк колдонулууда. Мунун жакшы жактары көп, бирок терс жактарын да эстей жүргөнүбүз оң.
Газ, светти колдонууда коопсуздук эрежелерин бузган учурда өрт коркунучу туулат. Тажрыйба көрсөткөндөй, элдин көбү коопсуздук эрежелерине көп маани бербейт. Ошондуктан коомдук имараттарга караганда жеке үйлөрдө өрт кырсыгы көп катталат. Анын кесепетинен үйлөр күлгө айланып, ал эми адамдар каза таап же оор күйүк алган учурлар көп. Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн отту пайдаланууда этият болуп (айрыкча тамеки чегүүдө, колго жасалган жылытуучу приборлорду колдонууда), электр зымдарын жана жылытуучу мештерди өз убагында оңдоп-түзөп туруңуз.
Өрттү өчүргөнгө караганда анын алдын алуу жеңил. Өз үйүңүздү өрт коркунучунан коопсуз кылуу менен сиз өзүңүздүн, жакындарыңыздын өмүрлөрүн жана үй-мүлкүңүздү коркунучтан алыстатасыз.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу боюнча бөлүмчөсүнүн инспектору Жанат Осмонов учкунду өрткө чейин өчүр деп төмөнкүдөй кеңеш берет:

  • Иштетилип жаткан электр приборлорун көзөмөлсүз калтырбаңыз!
  • Бузук розетка, вилкаларды колдонбоңуз!
  • Газ приборлорун орнотууда, оңдоодо адистерге гана ишениңиз.
  • Жылытуу сезону башталарда мешиңизди текшерип, бузулган жерлерин оңдоңуз.
  • Эгер өрттү байкап калсаңыз, ошол замат 101 номери аркылуу Өрткө каршы кызматына чалып, эмне күйүп жатканын, толук дарегин, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди билдириңиз.
  • Эгер кимдир бирөөгө коркунуч туулганын байкасаңыз, жакын жердеги кишилерди жардамга чакырыңыз.

Эсиңизде болсун, сиздин өрт коопсуздугуна кылган жоопкерчиликтүү мамилеңиз гана өрттүн үйүңүздүн босогосунан кирбөөсүнө жардам берет.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2013-09-19 22:17:48
Тилсиз жоодон кудайым сактасын!Кудай да сактанганды сактайт!
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан