7-сентябрда түнкү саат 1:30 чамасында борборубуздун Совет көчөсүндө МАИ кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Айдоочуга карата МАИчилер тарабынан административдик укук бузуу тууралуу протокол түзүү учурунда салондо отурган 24 жаштагы С.А. МАИчилерди сөгүп, каршылык көрсөткөн. Ошондой эле милициянын старшинасы Д.Кнын погонун жулуп алып, МАИчилердин кызматтык автоунаасынын эшигин жулкуп, зыян келтирген. Текшерүүдө айдоочу М.А жана жүргүнчү С.Анын мас экендиги аныкталып, аталган автоунаа айып аянтчасына токтотулган. Ал эми милиция кызматкерлерин сөккөндүгү жана кол көтөргөндүгү үчүн 24 жаштагы кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү "ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.