4-август күнү кечки саат сегиздер чамасында Токмок шаарында катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа эки аялды сүзүп кеткен. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, жол кырсыгынын күнөөкөрү алгачкы жардамды бербей, окуя болгон жерден качып кеткен. Ош облусунда төрөлгөн 66 жаштагы Н.Адалат жана 68 жаштагы О.Алийма оор жаракат алышып, аймактык ооруканага жеткирилишкен. Бирок алган жарааттарынан улам О.Алийма бир нече сааттан кийин каза болгон.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй РИИБинин Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору тарабынан жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу кармалды. Ал 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында туулган Т.Нурлан болуп чыккан. Айдоочу Чүй РИИБине жеткирилип, анын Форд Фокус автоунаасы айып аянтчасына токтотулган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.