Теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген дүйнөдөгү 4 ири мелдештин бири – АКШнын Ачык чемпиондугу 10-сентябрда жыйынтыкталды. Мелдеш адаттагыдай жогорку деңгээлдеги атаандаштык менен коштолду. 8-сентябрда айымдар арасындагы финалда америкалык Серена Уильямс менен беларустук Виктория Азаренко ойноду. Жыйынтыгында 7:5, 6:7, 6:1 эсеп катыштыгында жеңишти Серена Уильямс илип кетти. Ушуну менен 17-ирет Чоң шлем түркүмүндөгү мелдешти уткан Серена айымдар арасында теннис боюнча рекорд койду.
10-сентябрга жылдырылган мырзалар арасында жекеликтин финалында испаниялык Рафаэль Надаль менен сербиялык Новак Жокович кездешти. 3 сааттан ашык кармашта Надаль утуп чыгып (6:2, 3:6, 6:4, 6:1), өз карьерасындагы 13-Чоң шлем мелдештериндеги чемпиондугуна жетишти.