8-сентябрда Буэнос-Айрес шаарында Эл аралык Олимпиада комитетинин 125-сессиясында маанилүү чечимдер чыкты. Күрөш спорту 2020 жана 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын программасына кайра киргизилди. Эсиңиздерде болсо, жакында күрөштү Олимпиаданын программасынан чыгарып, анын ордуна бейсбол же башка бир спорт түрүн киргизүү каралган. Ошондой эле ЭОК бул күнү 2020-жылкы Олимпиада оюндарын кабыл ала турган шаарды – Токио (Япония) шаарын атады. Мындан 7 жылдан кийинки Олимпиаданы Токио шаары кабыл ала турган болду.