Дархан «Сагыныч» аттуу ырына 3D форматындагы клип тартты. Башкалардан айырмаланууга умтулган Дархан жаңы клиби тууралуу айтып берди.
– Дархан, 3D форматында клип тартып жаңылык киргиздиң. Кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
– Клиптин режиссёру – Андрей Дорожков. Тартуу иштери студия ичинде эле өттү. Студиянын бардык жагы жабык, караңгы болгондуктан ысып кыйналдык. Баарынан да 3D эффекттерин кошуу колубузду кармады. Ага үч ай сарптадык. Ушунчалык майда, мээңди жей турган жумуш экен. Майда-чүйдөсүнө чейин кылдаттык менен иштеп чыктык. Буюрса, эмгегибиздин акыбети жаман болгон жок деген үмүттөмүн.
– Мындай өзгөчө клиптин чыгымы кандай болду?
– 4000 доллар сарптадым. Албетте, ары-бери чуркаганга да акча суудай эле агып жатты.
– Негедир бет ачарында клип 3D көз айнек менен көрсөтүлгөн жок. Эмгегим текке кетип калды деп ойлобойсуңбу?
– Чынында, азыр бизде клипти толук кандуу көрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошентсе да менин жасаган ишим кыргыз шоу-бизнесине жаңы түс кошо алды десем болот. Баары бир кайсы бир ырчы мындай жаңылыкты жаратышы керек болчу да. Болбосо кыргыз шоу-бизнеси ордунда катып калчудай. Бул башталышы гана, буюрса, алдыда биз жасачу таңдандырчу нерселер көп.
– Ийгилик!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg