Жамал Сейдакматова «Туңгуч» театралдык топ менен 24-август күнү Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн эл аралык балдар фестивалына барып кайтты. "Кытайга бизди быйыл 4-ирет чакырышты. Анан да биздин көрсөткөн «Симул» спектаклибиз аларга өзгөчө жагып, сыйлуу дипломдорго ээ болдук»,- дейт атактуу актриса. Актрисанын айтымында, фестивалга Түштүк Корея, Индия, Монголия, Пакистан, Орусия, Казакстан баш болгон бир топ мамлекеттер катышышкан.