Буга чейин тасмаларга продюсерлик кылып келген Ырыс Жоомартова эми режиссёрлукка ооду. Адегенде режиссёрлукту колго алган айым дароо «Ош-Бишкек жолунда» аттуу тамашалуу тасманы тартып бүтүргөн. Аталган тасма 1-октябрдан баштап Тарых музейинде коюла баштайт. «Бул менин алгачкы режиссёрлук жумушум, продюсерликтен тажап, тасманын башка тарабына ооп турган кезим. Аталган фильмде түштүк-түндүк маселеси козголгон. Чүйлүк кыз биринчи жолу Ошко барып, ал жактан сүйүүгө кабылат. Эки тараптын айырмачылыгы көзгө оркоюп көрүнүп, бардык тамаша ошондо башталат. Окуянын эмне менен аяктаарын чоң экрандардан көрө аласыздар»,- дейт режиссёр.