Ди-джей Расул Мырзатегин менен кесиптеши Махабат 7-сентябрь күнү ата-эне статусуна ээ болушту. Кубанычы койнуна батпаган жаш үй-бүлөнүн кожоюну ошол эле күнү биздин редакцияга сүйүнчүлөгөн. «Өзүмдү такыр башкача сезип жатам, ата болуу мынчалык бакыт экенин билбептирмин. Жадакалса көзүмө жаш алып жибердим. Наристебизге Нурдан деп ысым ыйгардым. Азыр жубайым Махабат менен ымыркайдын абалы жакшы. 10-сентябрда атайын Лимузин жалдап, аларды үйгө чыгарып келдим. Буюрса, эки жумадан кийин үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болот, ошондо жубайыма мага уул белек кылганы үчүн ага да сонун белек берем деп турам»,- дейт ди-джей мырза.