«МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ» ТАРАДЫ

«Тамашоу» Лигасынын 5-сезонунун триумфаторлору «Моника Беллуччи» курама командасы жоюлду. Команданын капитаны Бакыт Осмонканов: «Негизи, биз 5-сезондун алдында эле тарайбыз деген элек. Бирок көпчүлүктүн суранычы менен, анан өзүбүздүн чемпиондукка умтулган ниетибизден улам ойноп калганбыз. Кудай буюруп, чемпиондукту да багындырдык. Эми 6-сезондо ойноо зарыл эмес деп эсептейм. Акыркы жолу команда катары мэрдин кубогундо ойнойбуз, ошону менен жыйынтыктайбыз. Себеби багындырчу бийиктикке жеттик, ага кайрадан кайрылуунун кажети жок. Анын үстүнө командадагы балдардын баары азыр студент эмес, чекеден үйлөнүп, үй-бүлө күтүп жатат дегендей. Мына, буюрса, октябрда Азим Кунеев үйлөнөм деп турат. Кыскасы, баарыбызда тамашасыз турмуш жолубуз башталды. Жеке мен болсо ушул эле чөйрөдөн ордумду таптым, теле жаатында да эмгектенип жатам»,- деген маалымат берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
sm_mz
2013-09-16 17:05:35
Кандай гана окунучтуу! Мен силер учун эле тамашоуну корчумун.эми тамашоу моника беллучиден гана эмес и мендей куйорманынан да айрылды ((( а силерге алдынкы жашоонордо ийгилик и помните "сулуулук дунону сактайт!!!"
+1
nurizka..
2013-09-16 17:59:32
жаль эми Женишти корбой калабызбы?Баардынарга уйбулолук бакыт каалайым!
0
Diana92kg
2013-09-16 18:29:20
вааай Жениш байке болбой калса, анда тамашоунун кызыгы деле кетип калат го(((((
0
Aizat_1991
2013-09-16 19:19:46
Жамман ичим ачышып атат. Ушинтип эле тарап кетесинерби? Мен тамашоуну Моника Белуччи учун корчу эмес белем...:-(
+1
AFRODITA-89
2013-09-16 22:13:09
Эч нерсе эмес булардын ордун баса турган командалар да чыгып калаар, жеке жашоонорго ийгилик каалайм.
0
Zhazi
2013-09-16 22:22:30
Абдан окунучтуу. Баарынарга ийгилик, уй-булолук каалайм!
+2
bemkow
2013-09-17 16:45:07
jakwy boluptur
0
Juliana
2013-09-18 08:42:11
Men Jenishtin tmashoodo oynogonun bilbeptirmin, any menen choguu okugam bir klassta. Mister Bin dep at koyup alsam chychalachu.
0
Clara_Zh
2013-09-18 09:23:33
Ммм, окунучтуу. Баары бир алгачкы чыккан мыкты командалардын катарындасынар да.Тамашоунун бир бурчу оюлуп тушкондой эле болот экен да.
-1
Wonderfullgirl
2013-09-18 20:46:37
любимая команда, эми тамашоу силерсиз кызыксыз болотго((((((
0
JKJ3579
2013-09-19 06:18:02
Абдан окунучтуу.Уй булоолук бакыт баарынарга!!!
0
rnurzida
2013-09-19 07:29:58
Женишсиз элестетуу кыйын го
0
MEDER_KULETOV
2013-09-21 12:38:04
Ийгилик силерге жашоодон оз жолунарды таап бактылуу болгула
0
Ramina
2013-09-23 15:47:59
Эххх.... менин суйуктуу командам эле
0
kg_777
2013-09-24 15:24:48
жалко, эми бир чети туура, чынында эле баардыгы окууну давно бутушкон уйлонуп балалуу боло тургандар.......... ийгилик силерге!!!!!!!
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан