Окурмандар бизге көп кайрылышат, арыз-муңун, оор тагдырын же бактылуу турмушу, ийгилигинин сыры менен бөлүшүп. Бул да болсо элдин ишеними. Маселеси чечилип, үнү жетпей жаткан жакка жетип, адилеттик тапканына сүйүнүп бизге рахмат айткан окурмандарыбыздын кубанычына тең ортоктош болуп келебиз. Ошондон улам биздин гезит менен байланыштуу жашоосун жакшы нукка бурган баян, ырлар-сырларга кат куржунубузду кенен ачканбыз. Эмесе, алгачкы каарманыбыздын баянына орун берели.
«УУЛУМ «СУПЕР-ИНФО» САТЫП БИЗДИ БАГЫП ЖАТАТ»
Нурбек Кенебаев 1983-жылы Ат-Башыда туулган. 7 айлык болуп төрөлүп, ден соолугу начар болгондуктан, ата-энеси азап менен чоңойтушат. Уулу тууралуу Кубат ага мындайча баяндайт:
– Тун балабыз да, көзүн карап, эптеп аман чоңойтуп алсак экен деп тилеп жүрүп өстүрдүк. Мектепке эки ирет алып бардык, өздөштүрө албады окшойт, барбай койду. Ооруп-сыктап, апасы экөөбүздү санаага салып жүргөндө «Качан чоңоюп бизди сүйүнтөт?» дечүбүз. Кудайга шүгүр, азыр «Супер-Инфо» сатып бизди багып жатат. Гезит саткандан башка иш кылып көргөн эмес. Кичинесинен эле ушинтип соода-сатык кыла баштаган.
1995-жылга чейин апасы май токоч жасап, семичке кууруп берип базарга саттырчу. Ал кезде акча санаганды билчү эмес, 1 сомду көрсөтүп «ушундайга 1 май токоч бересиң, тыйынга алданып калба» деп жөнөтчүбүз. Айтканыбыздай эле кечинде жалаң 1 сомдуктарды алып келчү. Кардарлар чоңураак акча берсе «мындайдын кереги жок, 1 сомдук, момундай кагаз берсеңер, анан берем» деп аларга сатпай койчу экен. Кийин чоңураак купюра алып, ага жараша кайрып бергенди үйрөндү.
«Супер-Инфо» жарыкка чыгып, эл арасына тарай баштагандан тарта сатып келет. «Башка гезиттерден да кошуп албайсыңбы?» десек, «өтпөй калат» деп аларды сатуудан баш тартат. Банктан насыя алып, үйүбүздүн шамал алып кеткен чатырын жаап, ичи-сыртын шыбаган элек. Учурда Нурбек карызды жапканга салым кошууда. Ай сайын насыянын пайызын чыгарып берип жатат, ыраазыбыз.
«СУПЕРИН» КОЛТУКТАП ЫРДАП АЛАТ»
«Супер-Инфо» жарыкка чыккандан баштап гезит сатып иштеген кызматташ каарманыбыз Ат-Башы айылындагы окурмандарыбыздын 90 пайызын кардар кылып алганга жетишиптир. Апасы Бурулкүл эже да ой бөлүштү.
– Балам ара төрөлүп, атасы айткандай, чоңойгуча бир топ эле кыйнады. Уулум 2-топтогу майып экенине карабай үй-бүлөбүздү багат. Акчасын келип санап берет. Келинибиз үй оокаттарын кылат, уулум болсо жума күндөн тарта эле «Суперин» колтуктап базарда ырдап кыдырып кардар чогултат. Ага «бизди бак, үйдүн улуусусуң» деген деле эч ким жок. Өзү эле тырмышып, өкмөт берген 3700 сом пенсиясын карап отура бербей үй-бүлө бакканына шүгүр дейбиз. Нурель аттуу 4 жашар неберебиз бар.
«ГЕЗИТТИН ЧОҢУНА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
Нурбек сүйүктүү жумушу тууралуу мындай дейт:
– Турусбек деген байке менен таанышып, ал мени «Супер-Инфо» сатканга жумушка чакырган. Азыр өз атым өчүп, баары «Супер-Инфо, кел бери, гезитиңен таштай кет» деп чакырып калышкан. Мен дайыма базардагы элдин көңүлүн көтөрүп ырдап жүрөм. «Ат-Башым», «Супер-Инфооо!» деп кыйкырып ырдап сатам. Бир орунда турбайм, базарды бүт кыдырам. Гезит чыккан күнү баары мени кадимкидей күтүшөт. Соода кылган эжелер «абдан кызыктуу гезит» деп баалашат. Алардын кызыгуу менен окуп жатканын көрүп менин да окугум келет. Бирок мен тамга тааныбайм да. Кээде бош отуруп калышса, мага окуп беришет. Үйдөн апам менен атам окуп, маалыматтарды айтышат. Тамга тааныбасам да, эсепти билем. Акчасын алып, кайтарымын бере алам.
Жумасына 3000-3500 сомдой киреше табам. Мен бирөөдөн жалдырап жардам сурабайм. Азыр кимге ким жардам бермек эле? Тилегеним эле «Супер-Инфо» дайыма чыгып турса экен, окурманды маалыматка сугарып, мага окшогон элдин бир керегине жарап жүрө берсе экен. Себеби менин жападан жалгыз тапкан кирешем – «Супер-Инфону» сатуудан түшкөн акча. Мунун арты менен үйлөндүм, атам салган үйдүн маңдайына бир бөлмөлүү үй тургузуп алгам. Дагы бир тилегим, гезиттин чоңуна жолуккум келет. Рахмат сага, «Супер-Инфо»!
Арабызда алты саны аман туруп бир бөлмөлүү үй курмак тургай бир тал куурай сайып койбогон адамдар бар. Аларга салыштырмалуу каарманыбыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып келет.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg