Өткөн жумада МАИ кызматкерлерине баш ийбей, Бишкек шаарында жол эрежесин одоно бузган Лексус RX 400 (B 11 77 AS) мамлекеттик номерлүү автоунаасын айдаган Назгүл Чодронова аттуу айымдын окуясы коомчулукта чоң талкуу жараткан эле. Ал унаанын номерин чыгарып алган МАИчилерди министр Абдулда Суранчиевдин жана Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевдин ысымын айтып коркуткан. Жол эрежесин бузганга карата чара көрбөгөндүгү үчүн Бишкек ШИИББинин Жол көзөмөлдөө кызматынын улук инспектору, майор Т.Оторов кызматынан бошотулуп, прапорщик А.Макеевге эскертүү берилген. МАИнин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан Назгүл Чодронова болсо 1000 сом айып пул төлөп кутулду.
11-сентябрда кытай делегациясынын кортежи келе жатканда BMW X5 (B 7227 A) мамлекеттик номерлүү унаасы көчөгө чыгууга аракет кылган. «Токто» деген буйрукка моюн сунбаган айдоочу МАИ кызматкерин сүзүп, анын капотко жыгылганына карабай унааны 30 метрдей жерге чейин айдап барган. Ал МАИчилерге Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысымын деп күбөлүк көрсөткөн. Бирок Бишкек ШИИББинин берген маалыматына ылайык, ал жасалма күбөлүк экен. Бул айдоочу 2 суткага убактылуу камалды.
Коомчулукта МАИчилерди көзгө илбей, жол эрежесин одоно бузган жарандар көбөйдү. Мыйзамга карапайым жаран да, аткаминер да бирдей жооп бериши керек.