Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келинген кумшекерге 30 пайыздык салык салынат. Министрликтин айтымында, бул ыкма жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жүрүп жатат. Салык сезонго карата киргизилүүдө.
Быйыл өлкөдө 4 миңдей дыйкан 7,3 миң гектар аянтка кант кызылчасын айдаган. Андан 200 тонна кызылча түшүмүн алуу пландалууда. Ал эми Кумшекер керектөөчүлөр ассоциациясынын президенти Эрлан Жузупов Кыргызстандын кант өндүрүүчү заводдору мамлекетти кумшекер менен камсыздай албай турганын айтат. «Кыргызстандын кумшекер өндүрүүчү заводдору жылдык керектөөнүн 10-12 пайызын гана камсыз кыла алат»,- деди Эрлан Жузупов. Демек, сезондо кумшекер дагы кымбаттайт, элге кыйын болот.