Бир бүркүм... ЗЫЯРАТЧЫЛАР 17-СЕНТЯБРДА ЖОЛГО ЧЫГЫШАТ...
ИИМдин Ички аскерлер кызматын ИИМдин курамынан чыгарып, Улуттук гвардия менен Бириктирүү сунушун ЖКда Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев билдирди.
УКМКнын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш өзүн-өзү тараткандыгын жарыялады.
Премьер Жантөрө Сатыбалдиев маалымдагандай, Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводун өкмөт өз күчү менен ишке киргизүүнү карап жатат.
2015-жылы «Датка-Кемин» подстанциясынын «Кемин» жогорку өткөргүчтүү линиясы ишке кирет.
Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин ырастоосунда, Бишкектеги «Енисей» кафесинен ууланган 123 жарандын 25и үйлөрүнө чыгарылды.
Ош облустук соту полковник Толкунбек Шоноевди өлтүргөн кылмышкерлердин жазасын күчөттү. Ага ылайык, кылмышкерлердин бири өмүр бою эркинен ажыратылып, дагы экөөсүн 10 жана 20 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.
Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетовдун айтымында, өлкөдө бардык тармакка лицензия берүү эки эсеге кыскартылды.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 8 ай ичинде 560 экономикалык кылмыш катталган.
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн орун басары Аcкарбек Жаныбеков облустагы мектептерге көмүр алууга бөлүнгөн 12 миллион сомдун 1 миллиону гана берилгенин айтты.
Бишкек жылуулук борбору 400 миң тонна көмүрдү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алат.
Үч жыл аралыгында Мамлекеттик геология агенттигинин жооптуу кызматкерлерине 90 кылмыш иши козголгон.
Президент автоунаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун парламентке кайтарды.
Мурдагы экономика министринин орун басары Олег Панкратов премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кеңешчиси болуп дайындалды.
Дин башкармалыгынын маалыматына караганда, ажылык сапарга аттангандар Кыргызстандан 17-сентябрда учуп кетишет.
Ош шаарынын Монополияга каршы күрөшүү бөлүмү мындан ары шаарда кой эти 300 сомдон, уй эти 290 сомдон сатылсын деген чечим кабыл алды.
Пара алууга айыпталып маалымат-аналитикалык борборунун кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.