Кыргызстанда кылмышка шектүүлөр кармалуучу тергөө изоляторунда аялдар менен эркектерди аралаш кармашат. Бул тууралуу ЖКдагы жыйында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, аялдарды кармай турган өзүнчө имарат жок. «Тез арада аялдар үчүн кармоочу жай куруу керек»,- дейт Рысалиев.
Мындан сырткары, анын айтуусу боюнча, кылмыш-жаза аткаруу мекемелери 8 миң адамга гана ылайыкталган. Бирок учурда анда 17 миң адам кармалат. «Бизде күчөтүлгөн режимде, өзгөчө тартипте, катуу көзөмөлдө кесилгендерди мекеменин тардыгынан кыска мөөнөткө жазалангандар менен чогуу кармайбыз. Өмүр бою эркинен ажыратылган адамдарды башкалар менен бирге кармоого туура келип жатат»,- деп кошумчалады ал.
Мамлекеттин 17 миң адамды түрмөдө багууга, камсыздоого кудурети жетишсиз экенин айткан Турсунбай Бакир уулу ЖАМКнын жетекчисине мунапыс боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууну сунуштады.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрдө Кыргызстандын түрмөлөрүндө аялдар үчүн тигүү цехтер, эркектер үчүн кыш, төшөлгө куюучу цехтер иштей баштайт.
Буга чейин жыл башында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы түрмөлөрдө көп жаран отурганын, жазалоо бизде катуу болуп жатканын айткан эле.