АРИПОВ «РЕСПУБЛИКАНЫ» КОАЛИЦИЯГА ЖЕТЕЛЕП КИРЕБИ?

Назарали Арипов «Республика» фракциясынын лидерлигине шайланды. Буга чейин аталган фракцияны Алтынбек Сулайманов башкарып келген. Анын «Бир бол» деген партия түптөп, өзүнчө кеткендиги тууралуу маалыматтар айтылууда. Ал эми «Республика» фракциясынын парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирүү дымагы бар экени белгилүү.
2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында көз ачып жумгуча түзүлө калган партиялардын өмүрү кыска болору көп эле айтылып келет. Тез аранын ичинде баш бириктире калышкан талапкерлер кайсы бир өзөктүү идея үчүн эмес, убактылуу кызыкчылыгын көздөшкөнү алардын оңой эле чачырап жатканынан билинип отурат. Канатбек Исаев, Бакыт Төрөбаев, Аскарбек Шадиев, Алтынбек Сулайманов өңдүү лидерлердин катардан чыгуусу «Республиканын» таасирин бошоңдотту. Партиянын лидерине, албетте, Алтынбек Сулайманов өңдүү салмактуу тиректен ажыроо оңойго турбаса керек. Балким, Бабанов мырза бул иштерди «тазалануу» катары кабылдап жаткандыр?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alymbek76
2013-09-20 16:02:22
Назарали Ариповдун эл учун иштеп беришине мен ишенем.
0
№ 567, 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан