Бул апта ичинде Бишкек бери дегенде 14 өлкөнүн маалымат чордонуна айланды. Дал ошончо мамлекет Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышат. Борбор шаарыбызга 1200дөй делегация мүчөлөрү, 300дөн ашуун журналисттер келишти.
10-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин биринчи мамлекеттик сапары менен келип, аны «Манас» аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев өзү жана кымча белдүү кыргыз кыздары кыпкызыл розалардын гүлдестеси менен тосуп алышты. Гүл тилин кытайлар жакшы түшүнүшкөн чыгар, ток этерине токтолсок, коңшу өлкөнүн Кыргызстандын эң ири инвестору жана кредиторуна айлануу процесси баш айланткан ылдамдыкта өнүгүп баратат. Экономика министри Темир Сариев айткандай, 11-сентябрь күнү кол коюлган бардык долбоорлорду реализациялоо үчүн Кытай тарап Кыргызстанга 3 миллиард доллар бөлөт. Бул цифранын өзү эле барган сайын Кыргызстандын келечегин ансыз элестетүү мүмкүн эместей болуп бараткан Кремлди бир топ артка таштайт.
Жогорудагы долбоорлордун ичинен конкреттүүлөрүнө токтолсок, Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоого болжол менен 386 миллион доллар жана Түштүк-түндүк альтернативдүү жолунун курулушуна 400 миллион доллар кредиттеринин берилүүсү документтүү түрдө тастыкталды. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кытай газ куурунун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгүн куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Жаратылыш газы Түркмөнстандан Кытайга транспорттолот, ал эми Кыргызстан транзиттик өлкө катары газ түтүктөрү өткөн жер тилкелери үчүн ижара акысын алат.
ШКУнун алкагындагы өз ара мамилелер менен документтер Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, бирок бул саммиттин айынан бишкектик тургундар менен коноктор үчүн чоң ыңгайсыздык жаралууда. Борбор шаардын борбордук бөлүгүндөгү жолдор саммиттин чегиндеги иш-чаралардан улам бир сааттап тосулуп, анда жайгашкан мектептер, ЖОЖдор, ооруканалар, ишканалар, кеңселер, дүкөндөр, дегеле шаар калкынын үчтөн бири сүзүп өтүүчү Бишкектин бөлүгү блокадада калууда. Ал эми шаар башчылыгы тарабынан бул учурлар үчүн альтернативдүү каттамдар сунушталган жок.