Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата Спорт Ордосунда «Тамашоунун» «Моника Беллуччи», «Ак-Өргө City», «Ак кеме», «Тамадалар», «Жаштар» курама командалары баш байге үчүн ат салышты. Оюнга шаар мэри Иса Өмүркулов катышып, байге фонду 200 миң сомду түздү.
МЭРДИН КУБОГУ «АК-ӨРГӨГӨ» КЕТТИ
Бул күнү «No name» командасынын капитаны Мурат Жалиевдин келбей калганына капа болгондор чыкты. Команданын калган оюнчулары жакшы даярдана албаганына байланыштуу конок катары оюн көрсөтүштү. Ал эми «Ак кеме» командасына жаңы оюнчу кошулуптур, бийчи Бакыт Байсариев деген :) Андан сырткары «Ак-Өргө City» менен «КG 77» курама команда болуп чыгып, дароо эле жакшы жыйынтык беришти. Жүрөгү жеңиш деп соккон дал ушул курама команда мэрдин кубогуна ээ болуп, 100 миң сомду утуп алышты. 2-орунга «Моника Беллуччи», 3-орунга «Ак кеме» илинип, баарына калган 100 миң бөлүштүрүлүп берилди.
«Моника Беллуччинин» «фишкасы» болгон Жеңиш күйөрмандарына эстен кеткис тамаша тартуулап кеткенин айта кетпесек болбос. Анын «С днём рождена!» деген сөзү «тема» болуп, залды кыраан-каткы күлкүгө бөлөдү. Жалпысынан оюнчулар «Саламдашуу», «Ким тапан?», «Музыкалык үй тапшырма» сынактары менен ат салышты.
ТАМАШАЛАР
Президенттер ШКУдан кийин мончодо:
Ислам Каримов: – Алмазбек Шаршенови-ич, биз тарапка суудан чачып койбойсузбу?
Алмазбек Атамбаев: – Ушу Өзбекстанга сууну биз көп эле чачып жатабыз го дейм... Владимир Путин, подайте денег... Ой, денег дейм да, веник... («Ак кеме»)
– «Моника Беллуччи» командасы депутаттар сыяктуу да. Анткени депутаттар эл үчүн иштейт, биз да эл үчүн иштейбиз.
– Калп айтпачы, акча үчүн чыкпадыңбы азыр?
– А депутаттар эмне үчүн иштешет?.. («Моника Беллуччи»)
Телефондо сүйлөшүү:
– Алло, саламатсызбы, сиздин тынчыңызды кредит компаниясы алып жатат.
– Алло-о, угулбай жатат...
– Алло, сиздин тынчыңызды кредит компаниясы алып жатат дейм!
– Алло, алло, угулбай жатат...
– Эй, кредитти качан төлөйсүңөр?!
Жооп бербей, тынчтык болуп калат. Анда аркы жактан бирөө каткырып:
– Тамашааа, брат, доске, тамашааа...
– Оо-ох, бли-ин, жүрөктү түшүрөсүң го. Ким бул, эй?!
– Сиздин тынчыңызды кредит компаниясы алып жатат...
– Алло, угулбай жатат, алло... («Тамадалар»)
«Каргоо концерти» программасына окурмандан келген кат:
«Мен 15 жылдан бери нервиме ойноп жүргөн кайненемди каргаймын. Урматтуу кайнене, ар дайым баскан жериңиз ылай болуп, конокко барганыңызда көлөчүңүзгө чычкан кирип, уй саап жатканда музоосу сүзүп, сүйрөп кетсин. Ал эми пенсия берерде почточу аял сизди кыйкырып-бакырып урушуп, эң акыркы кезекке койсун. Айланайын кайнене, ажыдаардай тим эле «дерзкий» болуп кетпеңиз. Стервамын мен деле...»
Ушул эле келинге кайненесинин жообу:
«Урматтуу келиним, оозуңа кара таш! Айткандарыңдын баары өзүңө тийсин! Көп кыйын боло бербей жөн жүр, кислородуңду бууп коём, айланайын келиним!» («Ак-Өргө City»)
– Колдо бар алтындын баркы жок, бул эмне? – «Кумтөр».
– Бут эле кирет, бут эле кирет, куттан кабар жок? – Ак үй.
– Жети өлчөп, бир кес?
– Сүннөт той.
– Отко күйбөйт, сууга чөкпөйт? – Таластыктар. («Жаштар»)
ШКУ учурунда болгон окуя. Кетенчиктеп баспай жаткан кишини кыйнап колунан тартып жатат.
– Мен барбайм...
– Элдин баары чогулуп калды, ба-ас!
– Эй, барбайм, барбайм дейм...
– Бас деп жатам, баары күтүп калышты...
– Эй, барбайм, экономикабыз жөнүндө эмне деп айтабыз?
– Айтабыз да бир нерсени... («Моника Беллуччи»)
– Канат, мына бойго жетип калдың. Кандай кыздар жагып жатат?
– Медик кыздар.
– Неге?
– Анткени алар кабинетине кирсең эле чечиниңиз дешет экен... («No name»)
– Бишкек шаарынын 235 жылдыгында эмне болот?
– Кудай буюрса, Донецк көчөсүнүн ремонту бүтөт. («Жаштар»)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg