ТАШПОЛОТ БАЛТАБАЕВ, ЖКнын депутаты: «САНААЛАШЫН КӨЗ ИРМЕМДИК ПАЙДА ҮЧҮН АЛМАШТЫРЫП ЖИБЕРҮҮГӨ БОЛБОЙТ»

– Ташполот Балтабаевич, мародёрчулук боюнча бүтпөс тергөө жөнүндөгү Текебаевдин билдирүүсү туурасында президент аны менен Абдулла Юсуповдун бирин тандабастыгын, ал Кыргызстанды тандай турганын айтты. Кандай кабыл алдыңыз?
– Президент Абдулла Юсупов менен Өмүрбек Текебаевди бир деңгээлге койгонун такыр түшүнө албадым. Текебаев тергөөнүн мыйзамдуу, ачык болушун, эч кимди соттон коргобостугун кайталап айтып келаткан.
Юсупов – 12 эпизод менен 17 жылга кесилген кылмышкер (бир нече жолку), бакиевдик режимге кызмат өтөгөн. Көз боёмочу, чагымчы, коом жана өлкө үчүн эч пайда келтирген эмес. Мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановдун өлүмү да анын абийиринде.
Текебаев – эгемендүү, заманбап Кыргызстандын негиздөөчүлөрүнүн бири. Беш жолку конституциялык кеңешменин катышуучусу, ошондой эле 2002-жылы төраганын орун басары болсо, 2005-2010-жылдары кеңешмеге төрагалык кылган. Эл аны ЖКнын депутаттыгына беш ирет шайлаган. Ал парламенттеги комитетти жетектеген, вице-спикер, спикер, Убактылуу өкмөттүн вице-премьери болгон. Карапайым айылдык мугалимден оппозициялык партиянын лидерине чейинки жолду баскан. Коррупциялашкан эки бийликтин башкы оппоненти болгон. Анын 20 жылдык күрөшүн душмандары да тана албайт. Өмүрбек Чиркешович өлкөнүн саясий жана коомдук ишмерлеринин эң негизгилеринин бири. Албетте, Текебаевдин да өз кемчиликтери, катачылыктары бар, бирок аны Абдулла Юсупов менен салыштыруу акыйкатсыздык. Кайсы гана саясатчы болбосун, өзгөчө президент өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча так жана терең салмактанган позицияга ээ болууга тийиш.
– Бирок Өмүрбек Текебаев мындай деп эсептебейт экен го... Ал президенттин сөздөрүн татыктуу деп баалады. Анын пикиринде, өлкө башчысы баарына тең, эч кимди өзгөчө бөлүп карабастыгын көрсөттү. Туугандарын, санаалаш, досторун дагы...
– Эгер президенттин дагы башка бир билдирүүсү болбогондо мен да ушундай ойдо калмакмын. Ал кол алдындагы адамдардын бирин Султан Ибраимовго теңеди. Ал өзүнүн мурдагы айдоочусу Икрам Ильмияновдун Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштей аларын, анткени Султан Ибраимов деле бир кезде тракторист болгонун белгиледи.
Президенттин өзүнө ишенимдүү адамын жанында алып жүргөнүнө эч нерсе дебейм. Кеп мындай салыштыруунун орунсуздугунда. Султан Ибраимов жетекчиликке бардык тепкичти басып өтүп жеткен. Ал трактордон дароо Совминдин төрагалыгына секирген эмес. Ал өзүнүн узак, кынтыксыз ишмердиги менен элге таанылып, элдин урматына татыган лидер болгон. Ибраимов кимдир бирөөнүн айланасында эмес, алдыңкы партиялык, мамлекеттик ишмер болгон. Алмазбек Атамбаевдин айдоочусун сыйлаган күндө да, аны Султан Ибраимов өңдүү ушундай масштабдагы тарыхый инсан менен салыштырууну таптакыр жараштыра албайм.
Бирок азыр Алмазбек Атамбаев мурдагыдай оппозициянын лидери эмес, бүтүндөй өлкөнүн лидери. Анын милдеттери кеңейди, ал өз санаалаштарын өзгөчө бөлүп белгилегени туура эмес же андай эмеспи?
Бул жерде түшүнүктөрдүн маанисин адаштырбоо зарыл. Лидерлик – юридикалык эмес, психологиялык түшүнүк. Адамды анын мүнөзү, жеке сапаттары лидер кылып чыгарат. Маселен, масштабдуу нерсени майдадан, стратегиялыкты тактикалык нерселерден айырмалай билүү.
Лидер үчүн саясий күчтөр менен катардагы жарандардын бар аракетин топтогон максат жана баалуулуктарга берилгендиги маанилүү. Ал максат жана баалуулуктар үчүн бир санаалаш экинчисине жол бошотуп берет, ал эми шайлоочулар өз добуштарын бирдиктүү талапкерге берет. Санаалашын көз ирмемдик пайда үчүн алмаштырып жиберүүгө болбойт. Лидерге ал майда таарынычтар, пикир келишпестиктер жана утурумдук пайдаларды, санаалаштарынын жалпы ишке кошкон салымдары, аракеттери менен салыштырып, салмактоо үчүн адилеттүүлүк сапаты да мааниге ээ.
Эгер саясатчы бул сапаттарды жоготсо, анда алар менен бирге өз ынтаасынан, экинчиден, ишенимден айрылат. Ансыз өз командасын топтоп жана сактоого же узак, туруктуу ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Менимче, бул нерселерди ар бир жетекчи эске түйүшү кажет.

Калыс Мамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
uluk1982
2013-09-23 10:38:48
Султан Ибраимовду оозунарга албай эле койгула!биздин э.... минерлер!
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан