Карт бойдок аталып келген актёр Нурдөөлөт Копоев бойдок статусун алып ыргытып, үй-бүлөлүү болгонун 15-сентябрда борбордогу кафелердин биринде белгиледи.
– Нурдөөлөт, өзгөчө той бергениң сүрөттөрдөн байкалып турат...
– Тойго тамадалык кылганды Бакыт Букаев байкем өзү уюштурду. Мен төрт жерде иштейм, убакыт тар. Анын үстүнө адам өзүнүн тоюнда жакшы ойлоно албай калат окшойт. Циркте иштеген досум Алмаз Раимкуловго «ат араба керек болуп жатат» десем, дароо таап берди. Укмуштуудай сулуу ат экен, үстү ачык, чоң араба. Ичинде кыпкызыл орундуктар коюлган. Араба келгенде эле кошуналарым чыга калып куттукташып, телефондоруна тартып жатышты. Араба менен кафеге чейин кантип барабыз, унааларга тоскоол болбосок экен деп кабатыр болуп жаткам. Кайдан, айдоочулар, жадакалса троллейбус дагы жол бошотуп берип, кол булгалап куттуктап жатышты.
– Башка тойлордон дагы эмнеси менен айырмаланды?
– «Жар-жар» айтылгандан кийин Бакыт байке «чачыла чачылсын» деди. Ошондо «Бийкеч» бий тобунун кыздары улуттук кийим менен чыгып, ар бир адамга булгаарыдан жасалган тумар беришти. Момпосуй бергенде эмне, жеп алышат, ансыз деле жеп жатышпайбы. Тумарларды булгаары менен иштешкен Гүлнара жана Сагын эжекелерим алып келишкен.
Менин чыгармачылыктагы атам Дүйшөн Байдөбөтов, Зулянын чыгармачылыктагы энеси Жамал Сейдакматова дагы тойдун кызыгын арттырышты. Алар Зуля экөөбүздүн жаңы актёр болобуз деп келгендерибизди эскерип, элди күлкүгө бөлөштү.
– Канча адам келди?
– Мен өзүм 20 бир тууганмын. Алардын куда-сөөгү, кайын журту эле канча. Андан сырткары кесиптештерим, келинчегим Зулянын төркүнү, досторум болуп отуруп 230дан ашты окшойт.
– Тойдо сюрприздер көп болсо керек...
– Экинчи бөлүк башталганда апам чыгып жакшы сөзүн сүйлөдү. Анан эле кыргызча музыка койдуруп «биздин убакта мына мындай бийлечүбүз» деп жүн сабап, ийик ийрип кыргызча бийлеп кирди. Мен таң калып, оозум ачылып эле калыптыр. Бакыт байкенин менин ордума чуркап жүргөнүн байкап, ага атайын Ат-Башыдан шырдак көтөрө келиптир.
Бөбөктөр үчүн көрсөтүлгөн жомоктордо үн коштогон Айнаш Аширова эженин куттуктоосу мени гана эмес, элдин баарынын оозун ачырды. Жашы ортолоп калган эже эле кичинекей баланын үнү менен сүйлөп жатса таң калышат да.
Муну айта кетпесем болбос, канча жылдан бери тойлорго тамадалык кылып жүрсөм да, өзүмдүн тоюмдагыдай сүрдөгөн эмесмин.
– Канча чыгым кетти?
– Кээ бир тойлордо «тамадалык акчаны чыгарып бере албай калдык, 2-3 күндөн кийин алып барып береличи» деп суранышат. Баарын түшүнүү менен кабыл алам. Меникинде той өзүн-өзү жапты.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg