КРЕЙГ ДЭВИД: «КЫРГЫЗ ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫН САТЫП АЛАМ»

Бийди жашоонун маңызы деп билген жана жөн гана дүйнө жылдызын көрүп, чер жазып кеткенди каалаган жаштардын баары 15-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чогулушту. Бул күнү Атай Өмүрзаков бий сүйүүчүлөрүнө арнап уюштурган «Мен бийчи» эл аралык фестивалы өттү.

БАРАКЕЛДЕ, АТАЙ!
Төгүп турган жаанга карабай мотурайган бийчилер эл аралык бий фестивалын ачып беришти. Андан соң борбор шаарыбыздын мэри Иса Өмүркулов чыгып, Атайга ыраазычылык сөздөрүн айтты. Чынында, эки жылдан бери эл аралык деңгээлдеги фестивалды татыктуу уюштуруп келаткан Атайга баракелде десек болот.
Жалпысынан бийдин 5 түрү боюнча беттешүү жүрүп, калыстыкты Франциядан келген Pepito, германиялык Majid, Питерден келген Robin, Канаданын атынан чыгып жүргөн кыргызстандык бийчи Prince Ali, биздин Жан Воинов менен Атай Өмүрзаков колго алышты.
Кыргызстанга алыскы Европадан оңою менен жылдыздар келе бербейт. Андыктан афишаларга Крейг Дэвиддин сүрөтү илингенде жаштар аны бир көрүп алсам деп аябай ашыгышкан экен. Жеңүүчүлөр аныкталары менен кеченин уландысы Англиянын жылдызы, ди-джей Крейг Дэвидге берилди. Ырчы сахнага чакырылары менен мына сага деп жаштар Крейгди колунан кармабаса да жанынан көрүп туралы дештиби, айтор, ордунан туруп ди-джейди тегеректеп калышты. Сыйлуу коноктор үчүн коюлган VIP орундагылар артта калып, көрүүчүлөр күнүмдүк турмуштан катуу чарчашканбы, конок менен биргеликте бийлеп ой да чер жазышты.

БАШ БАЙГЕ ЭЭЛЕРИ
Мыкты фристайл-шоу – «We`ll Be» тобу (Кыргызстан), 250 миң сом
Брейк-данс – «Kill the Beat» тобу (Казакстан), 100 миң сом
Поппинг – Жан Воинов (Кыргызстан), 1 миң доллар
Локинг – Адис (Кыргызстан), 50 миң сом
Хип-хоп – Баука (Казакстан), 50 миң сом

КРЕЙГ ДЭВИД ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮГӨ ДА ҮЛГҮРДҮ
– Крейг мырза, биздин мамлекетибизге келүүгө макулдугуңузду берүү кыйын болгон жокпу?
– Жок, себеби мен дүйнөнүн бардык жерин көргүм келет. Ошондуктан чакыруу келгенде дароо эле макул болдум. Максатым – дүйнө жүзүн кыдыруу. Мага ачылган мүмкүнчүлүктөргө эч качан жок дебейм. Мени Жараткан сүйүп, ушундай жомоктогудай жашоо тартуулаган соң толук кандуу жашашым керек.
– Кыргызстанга келем деп качандыр бир ойлодуңуз беле?
– Билесиңерби, жаштайымда мен Англиянын Хэмпшир деген шаарчасында жашачумун. Убагында Лондонду көрөм деп да ойлогон эмесмин. Кийин талантымдын артынан жер кезе баштадым. Азыр жадакалса түшүмө кирбеген Майами шаарында жашайм. Жашоодо ойлобогон нерселер көп болот экен, ошондуктан Кыргызстанга келгеним мен үчүн таң калычтуу эмес. Себеби менин талантымды сыйлаган жерлердин баарына барганга даярмын.
– Кыргыз кыздар жактыбы?
– (Күлүп) Дүйнөнүн бардык жагында ушул суроо сөзсүз берилет. Мен азырынча кыргыз кыздарын көп көрө элекмин. Бирок бул жакта кыздардын адамга болгон сый-урматы жакты. Кээ бир өлкөлөрдө кыздар ашыкча жагынуунун аракетин издешет. Ачык кийинип, өздөрүн көрсөтүп дегендей. Кыргызстандан андай нерсени байкабадым, кыздары уялчаак келишет экен.
– Социалдык тармактарда катталган Крейг чын эле сизсизби?
– Алгач социалдык желелердин эмне кереги бар деп ойлочумун. Эмнеге мен ар бир кадамымды, эмне жегенимди, эмне жумуш аткарганымды жазып турушум керек деген ой бар эле. Азыр болсо менин жашоо стилим, жан дүйнөм жалпыга кызыктуу экенин түшүнүп калдым. Ошондуктан бардык сүрөттөрүмдү, кылган иштеримди интернеттеги өздүк баракчама жүктөп турам.
– Ырдап, жер кыдырам деп жүрө бербей, үй-бүлө куруу ниетиңиз барбы?
– Албетте, ал үчүн мага туура келген айымды табышым керек. Балалуу болгум келет. Бирок жан шеригим туура тандалбаса, балдарымдын жакшы адам болушуна көзүм жетпейт. Башкаларга окшоп балалуу болгондон кийин башымды мыкчыбай, алдын ала баарын пландап алып, анан бүлө курамын.
– Кыргыз тили кулагыңызга кандай угулуп жатат? Кыргыз музыкасын угууга жетиштиңизби?
– Казактарга окшош экен десем таарынбасаңар керек үлүп). Угушумча, казак-кыргыз бир тууган дешет. Тилиңер, комуз менен домбра окшош экен. Азырынча кыргыз ырларын уга элекмин, бирок кетерден мурун, албетте, кыргызча ырлар жыйнагын сатып алып, угуп кетем.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Крейг Дэвид Бишкекте!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Jaidara
2013-09-23 10:43:21
Алга кыргызстан!О.э Атайга чоон рахмат!
+2
timurlanova20121990
2013-09-23 12:38:43
молодец Атай, ишине ийгилик,
+2
Gulu-5kg
2013-09-23 19:38:04
Atai respect!
+2
AFRODITA-89
2013-09-23 22:29:04
Атай азаматсын кыргыз элине ушундай жагымдуу маанай тартуулаганына ыраазычылык билдиргим келет. Таланты барларды эл алдына чыгарып, башка олколорго кыргздын атын таанытып журо бер.
+1
dia-omur
2013-09-23 22:40:51
неге эл аз.почти жок делего.кируу бекер еле болдубуу же акулуубу
0
admin_media
2013-09-24 09:58:07
jonokoybala,
Саламатсызбы! Сизге купуя менен жооп берилди.
0
kolya121212
2013-09-24 18:02:51
мага крейгдин 7 days деген ыры абдан жагат
+1
sss01
2013-09-29 16:03:42
super
0
Smileboy
2013-11-05 13:01:42
iygilik!
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан