ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-сентябрдан 29-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кыйынчылыктарга сынбастан баштаган ишиңизди улантыңыз. Аптанын экинчи жарымында ийгилик кушу сиздин колдо болот. Бул учурду өз кызыкчылыгыңызга пайдаланганга аракет жасаңыз. Көрө албас достордон оолак болууну унутпаңыз. Бойдокторду апта аягында романтикалуу жолугушуу күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көңүлдүү башталганы менен, бул апта сизди бир топ убарага салышы күтүлөт. Үй-бүлө арасында каржы маселеси козголуп, жагымсыз жагдай жаралышы ыктымал. Маселени чечүүдө дос-тааныштарыңызга кайрылганыңыз туура. Шейшембиде чет жердеги сагынган адамыңыз менен кабарлашуу күтөт. Сүйүшкөндөр арасында сезимдер күч алышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта жагымдуу жагдайлар менен коштолору бышык. Эски тааныштарга жолугуп, чер жазышуулар арбын болот. Алардын арасында мурунку сүйүктүүңүз да болушу ыктымал. Бейшембиде обу жок коромжулукка жол бербеңиз. Апта соңунда ден соолугуңузга сак болгонуңуз оң. Сасык тумоо, өнөкөт оорулар козголуу коркунучу бар.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сапарга чыккандардын жолу оңтойлуу болот. Көптөн бери чыгынбай келген иштериңизди дал ушул аптада бүтүрүүгө шашылыңыз. Бизнес жаатындагылар жалкоолонбосо, ири кирешеге ээ боло алышат. Үй-бүлө мүчөлөрү арасында ынтымак бекемдейт. Өргөөңүзгө куттуу мейман келиши ыктымал. Эс алуу күндөрүн табият койнунда өткөрүү сунушталат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Турак жай маселеси оңунан чечилип, көңүлүңүз жай алат. Чыгармачыл адамдарга эргүү келип, жаңылануу башталат. Электр-техника буюмдарын колдонууда сак болуңуз. Токко урунуу коркунучу бар. Сезимдер жаатында жүрөгүңүздө жаңы учкун пайда болот. Байкаңыз, келечекте алоолонгон сезимдерге айланып кетиши толук мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эмне кылбаңыз, бардыгы сизге каршы болгондой сезилет. Бирок бул алдамчы сезимдер. Анткени чыны менен ийгиликтүү апта сизди күтүп алат. Жума күнү жеке жашооңузга байланыштуу таарынычтарды чечүүгө ыңгайлуу жагдай түзүлөт. Түгөйлөр ортосундагы мамиле никеге алып келиши мүмкүн. Дем алыш күндөрүн досторуңуз менен жагымдуу өткөрө аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жаңы буюм сатып алууга шарт түзүлөт. Бирок ашыкча акча коротуудан абайлаңыз. Аптанын аягында капчык маселеси ыңгайсыздыкка салышы ыктымал. Шейшембиде эски сезимдер козголушу мүмкүн, эрте чечим кабыл албай туруңуз. Ден соолугуңузду чыңдоо максатында режим менен тамактаныңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакын адамыңызга байланыштуу жакшы кабар угасыз. Туугандар арасында үзүлүп бара жаткан мамилелер бекемделип, таарынычтар жазылат. Соода тармагында иштегендер акчага сак болушу керектигин унутпашы зарыл. Өзүңүздү токтоо алып жүргөнгө аракет жасабасаңыз, нерв оорулары козголушу ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сабырсыздыгыңыздан улам бейкүнөө адамды таарынтып алуудан абайлаңыз. Аптанын ортосунда кубанычтуу кабар угасыз. Алыскы сапарга чыгып калышыңыз ыктымал. Андыктан иштериңизди эрте бүтүрүүгө аракет жасаганыңыз оң. Жеке жашооңузда олуттуу өзгөрүү күтүлбөгөнү менен, жаңы таанышуулар болмокчу.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө көк беттигиңиздин убарачылыгын тартып калышыңыз ыктымал. Жакын адамдарыңыздын оюн эске алып, чечимди жалгыз чыгарбаганга аракет жасаңыз. Бейшембиде жаңы жүздөр менен иштешүүгө муктаж болосуз. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөнүн курчоосунда өткөргөнүңүз жакшы.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жолугушуу, кечелерге бай апта. Имиджиңизди өзгөртүүгө жакшы шарттар түзүлөт. Мүмкүнчүлүктү коё бербестен, жашооңузга жагымдуу жаңылык киргизип калыңыз. Келечегиңиз көз каранды болгон чечим кабыл алууга туура келет. Организмиңиз суукка өзгөчө сезимтал болуп турган учур. Жылуу кийинип жүрүңүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иши жоктор жумуш таап, ал эми иштегендер иш ордун жаңыртышы ыктымал. Жаңы кесиптештер арасында сүймөнчүлүккө ээ болуп, аброюңуз өсөт. Сүйүүдө абал туруктуу болсун десеңиз, ашыгыңызга белек бериңиз. Майда кыйынчылыктарды эске албаганда бул апта сизге жаңыланууга мүмкүнчүлүк ачат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
BeBe11
2013-09-23 21:12:27
туура чыгып ататкооо :-)))))))))
0
gulnaz21
2013-09-23 21:43:28
oho buka4arlardyn kunu ekenda bul juma,koro jatarbyz suiuuktubuz 4alat beken...birok keede tuura 4ygyp kalat..
0
shuma94
2013-09-24 00:44:59
menda buka4aarmyn tuura 4ygyp jata 4e to
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан