(Башталышы өткөн сандарда)
Көрсө, Талгат кичинесинен ооруйт экен. Эмне оору экенин сураганга батынбадым. Негизи, адамдын ички дүйнөсүнө ашыкча мурдумду тыга бергенди жактырбайм. Башында алаксыйын десем, кийин мени Талгатка аяныч байлай баштады. Ага боорум ооруп, экөөбүз көп убакытты бирге өткөрө турган болдук. Эртең менен ал мени мектепке ала кетет, түштө чогуу кайтабыз. Ал тургай Талгат катыша турган спорт ийримдерине да бара турган болуп калдым. Эс алыппы же жөн элеби, экөөбүз эгиз козудай ээрчиштик да калдык. Мектептегилер бизди кыз-жигит экен деп ойлой башташты. Бир күнү мектептен Талгат менен чыгып баратсам, Аскат турган экен. Ар дайым качып кете турган жаным бул саам делдейип карап калыптырмын. Көз карашынан коркуп кеттим.
– Кеттик үйгө!- деди ал буйрук бере.
– Кете бер, мен өзүм...
– Айданек дейм!
Жини келгенде «Айданек» деп атымды толук атап калмайы бар. Мен артка бурулуп баратканымдан келди да, колумдан булка тартып жөнөдү.
– Коё бер дейм.
– Коё бербейм.
Сүйрөп баратканына чыдабай кетти окшойт, Талгат ортого түшө калды. Эгерде бул жоруктун арты мындай бүтөрүн билсем, унчукпай эле ошол күнү Аскаттын жетегинде кете бермекмин. Бирок менин көк беттигим кармады.
– Эй, колу ооруп кетти го... Коё бер!- деди Талгат менин алдымды торой берип.
– Ишиң болбосун!
Экөө жакалаша кетишти.
– Сенин кандай ишиң бар?
– Зордоп сүйрөп баратасың, көргөндөн кийин ишим ошол.
– Эгерде дагы бир жолу үн катсаң, таптакыр ушалап таштайм. Тийбе, жолобо бул кызга, түшүндүңбү?!
Мен ортого түшө калдым. Аскат баары бир токтобосун билем да, андыктан Талгатты колдон сүйрөп тескери жакка алып жөнөдүм. Аны тынчтантып кетирип жибердим да, Аскатка кайра келдим. Шылкыйган ал мотоциклине таянган боюнча дагы деле күтүп турат.
– Отур, үйгө кеттик...
– Бүгүн үйүнө жеткирип бара турган сулууларың келбей калышыптырбы?
– Алар жүрүшөт, бүгүн сени жеткиргим келди.
Касканы колума карматып, артыма учкаш дегендей белги берди. Аргам барбы, Аскат айтып жаткан соң... Шамал бизди учуруп баратабы же бизге канат бүттүбү? Ушундай катуу ылдамдыкта баратабыз. А мага баары бир, Аскат жанымда болсо болду. Сагынып калган экем, жытын искеп, далысына жабышып алып кетип бараттым. Шуулдаган шамалды жарып Аскат мага үн катты.
– Дагы ылдамдатайынбы?
Мен башымды ийкедим. Мейли, мен макулмун, азыр тоголонуп кетип экөөбүз тең бул дүйнөдөн жоголуп кеткенге да макулмун. Бир топко чейин айдап барды да, Аскат акыры чарчады окшойт, токтотту. Башындагы каскасын алып, жаркырай күлүп жиберди. Уф, ушунун күлүшүндө бир сыйкыр бар...
– Охо, сен ылдамдыктан качантан бери коркпой калгансың?
– Мен эми эч нерседен коркпойм.
– Мурункудай тырмышып ыйлап «ылдамдыкты азайт» дейт экен десем...
Аскат мени чырылдатам деген ою ордунан чыкпай калганына капа болуп турду. Желкесин кашып, ийинин куушуруп алды да, мага жароокерлене кетти.
– Данек, мени кайсы кесипти тандаса деп ойлойсуң? Өзүң билесиң, жакында окууну аяктайбыз. А мен дагы деле кайсыга тапшырарымды билбей жүрөм. Сени менен кеңешип койгум келди.
– Мага баары бир. Өзүң бил!
Муздак үнүмдөн үрөйү уча түштүбү, алгач оозунан кеби түшүп, унчукпай отуруп калды. Кебетесине кимдин болсо да боору ооругудай. Ха, эми мындай болбойт. Турмуштун кайыгында мындан ары өзүң сүзүүгө туура келет, балакай. Ар дайым жаныңда болгонума, кеңешиме көнгөн экенсиң. Жок, коё турчу, чын эле бул жинди кийин эмне болот? Муштумдан, кыздардан башка эмнени билет бу? Канчалык элестетейин десем да Аскаттын кийин ким болорун көз алдыма келтире албай койдум.
– Аскат, балким, сен экономист болорсуң...
– Ыя? Койчу, андайга шыгым жок...
– Же врач...
– Ха-ха-ха, сен мени ак халатчан элестетип жатасыңбы?
– Балким, программист болорсуң...
– Шык...
Жиним келип далыга бир муштадым, ал менден кача берди. Экөөбүз божураша күн киргенче талаада жүрө бердик. Кайрадан баары башталды, миң жолу аракет кыл, жүз жолу тагдырыңдан качып кет, миллион жолу жүрөгүңдөн алып салганга аракет кыл, баары бир окшобойт. Аскат мага бир кадам жакындаса, мен анын жанына жүгүрүп барганга даярмын. Капкара көздөрү бир жолу кадалса болду, бүт дүйнөнү, кечээги берген убадаларымды, ызамды, азаптарымды унутуп койгонго даярмын. Бүгүн мен муну айкын билдим. Аскат үйгө кайтарыбызда гана акырын үн катты.
– Данек, жанагы жигит Талгат беле, ошону менен байланышпачы...
– Эмнеге?
– Мага аның жакпады. Сага бир аз өзүңдөн улуураак, тажрыйбалуу, туруктуу жигит керек.
Үн катпадым. Бирок Талгат менен мамилемди да үзгөн жокмун. Кээде назик деген адамдарда темирдей эрк болот. Аскат ары айтса да, алдаса да, коркутса да болбой койдум. Аскаттын кутургандай жиндеп жүргөнүн байкасам да, достугубузду үзүп коё албадым. Анткени мен бирөөнүн сезими менен ойногум келген жок.
Менин абайсыздыгымдан Талгат катуу жабыркап каларын ошол учурда билген эмес элем. Ар дайым Талгат окууга кечикпей келчү. Бир күнү эле сабакка келбей калды. Улам анын бош ордун карап тынчсызданып отурдум. Экинчи сабакта чыдай албай ага СМС жибердим. Бирок ал жооп бербеди. Эртеси гана анын таяктан катуу жабыркап ооруканада экенин билдим. Ошол замат Аскат оюма келди. Албетте, андан башка ким кылат эле? Бети-башы жарылып жаткан Талгаттын абалын көрүп тегеренип токтодум. Жырткыч, жинди, чоң муштум... Оюма келген сөздөрдүн баары менен урушуп келе жаттым. Үйгө келсем, Аскат жаңы гана кийимдерин алмаштырып жаткан экен. Алып туруп терезеден кийимдерин ыргытып жибердим.
– Эй-й, сага эмне болду? Жинди го...
– А сенин кылганың жиндилик эмеспи? Сага ал анчалык эмне кылды?
Колума тийген нерсесин ыргытып баштадым эле, Аскат мени кучактап калды. Бетме-бет турабыз, экөөбүз тең энтигип алганбыз. Көзүнө туруштук бере албай көзүмдү чылк жумуп жибердим. Көзүмдү ачпай туруп чекемден өөп жатканын байкадым.
– Коё бер,- дедим алсыз.
– Коё бербейм, сени сагындым.
– Айтчы, бул эмне кылганың? Талгаттын соо жери жок го.
– Эгерде сенин жаныңдан чыкпай турган болсо, дагы ошону көрөт. Мен ага канча жолу айттым, «тийбе бул кызга» деп. Укпай көгөрүп алды. Өзүнөн көрсүн.
– Аскат, сен жиндисиңби? Менин жашоомо киришкенге кандай акың бар?
– Сен али жигит күткөнгө кичинелик кыласың.
– Муну мага ким айтып жатат?
Аскат мени кучагынан акырын бошотту. Олуттуу боло калып, сөөмөйүн кезеп койду.
– Сен мага теңелбе, мени эркек дейт. А сен кичинекей кызсың.
– Болгону бир жаш айырмабыз бар...
– Чүш-ш. Эч нерсе деп айтпа. Көзүңдө бир тамчы жаш турат, акырын сүртүп коёюн...
Эңилип эриндери менен тамып бараткан жашымды өөп токтотту. Ушу кыймылы бардыгын жууп кетти. Азыр толкуп-ташып турган жиним жоголуп, бир гана анын деминен рахат алып турдум. Көпкө созулса кана ушул көз ирмем...
(Уландысы кийинки санда)
Жолдошбек Кудайбергенов