КОШ АЗАП

БАКТЫЛУУ КЕЗДЕШҮҮ

Ошол жыл, ошол күн менин эсимден эч качан кетпейт. Мен жаңы эле окууну бүтүп, Көлдөн Бишкекке келген элем. Ошентип, мен үчүн жаңы турмуш башталып жүргөндө мен Азим­ге жолуктум. Ошол күнү Салима аттуу курбу кызым мени туулган күнүнө чакырган эле. Анын жердиги оштук. Негедир келгенде эле мага ык тартып, кийинки кездерде экөөбүз эже-сиңдидей ынак болуп кеткен элек.
– Салима, кечирип кой, сен менин агаларымды билесиң да. Ар бир кадамым саналуу. Анын үстүнө айылдан жаңы эле келсем, шаарды да жакшы билбейм,- дедим.
Мен үйбүлөдө жалгыз кызмын. Менден улуу эки агамдан кийин тө­рө­­тү токтоп жүрүп, апам кийин гана мени тапкан экен. Ошондуктан, ата-энем, агаларым мени көздүн карегиндей асырап өстүрүштү. Үйдө жок болуп калсам, «Айсулуу кайда? Ал кайда жүрөт?» деп үрпөйө калмай агаларымдын адаты эле.
Бирок, Салиманыкына баргым келип турду. Ошол күнү жеңемди ортого салып жатып агамды эптеп макул кылдым да, Салиманыкына жөнөдүм.
Коңгуроого колумду көтөрөөрүм менен эшик ачылып кетти. Маңдайымда кара торусунан келген бою узун, сымбаттуу жигит турду.
– Кечиресиз, мен бул жакка...
– Кириңиз.
Капкара көздөрү менин жүрөгүм­дү тепчип өткөндөй болду. Кадала караган көз караштан уялып кеттимби, жүрөгүм дүкүлдөп, көзүмдү ала качтым.
Ошол учурда ары жактан Салима көрүнө калды.
– Айсулуу, эмне мынча кеч?.. Биз сени күтүп жаткан элек.
Тиги жигиттин менден көзүн албай жатканын байкадыбы, Салима тааныштыра кетти:
– Баса, бул менин агамдын досу. Мени куттуктаганы келип, кетип бара жатат.
– Азим.
– Айсулуу.
Экөөбүздүн көздөрүбүз кайрадан чагыла түштү. Бул жолу менин от чач­кан каректеримден ал көзүн ала качты.

АЛ СЕНИН ТЕҢИҢ ЭМЕС...

Шорумабы же бактымабы, ошентип, улуу махабатка туш болдум. Анын кабакты ачкан жароокерлиги, камкорлугу, келбети, от жүрөгү мени арбап алды. Ооба, баш-аягыбыз жый­налбаган бойдон баш айланткан бактыбызга туруштук бере албай, махабаттын туткуну болуп калдык. Мен Азим үчүн, Азим мен үчүн жаралгандай сезилчү. Шибегени капка ката албайт эмессиңби. Биздин махабатыбыз арадан аз убакыт өткөндөн кийин эле баарына маалым болду. Агаларым ал оштук жигит экендигин уккандан кийин менин ар бир кадамымды санап калышты.
– Айсулуу...- деп бир маанилүү нерсени айтып келе жатып токтоп калды.
– Ов.
– Кел, үйлөнүп алабыз...
Жолооруй көзүнө тике карадым. Жан-дилим менен даяр болсом да мени ата-энемдин алдындагы милдет кармап турган эле. Албетте, алар менин алыс жакка турмушка чыгуума караманча каршы. Алтургай, мага деп өздөрүнчө болжолдоп жүргөн адам бар экенин да билчүмүн. Бул жоопту көзүмдөн окудубу, Азим шылкыя түштү. Мен мойнуна асыла кеттим.
– Койчу эми, таарынбачы, биз үй­лө­нөбүз, сөзсүз үйлөнөбүз. Бирок, азыр эмес. Биздин үйлөнгөнүбүзгө макул болушат да акыры. Түшүнсөң, мен алардын каалоосунан чыгып кете албайм да азыр. Жок дегенде окуумду бүтөйүн, анан...
Ушинтип жооткотконум менен Азим экөөбүздүн ортобузда тоодой тоскоолдуктар чыгаарын жүрөгүм сезчү. Бирок, жолугушпай коюуга да эркибиз жетпейт эле. Байланышыбызды токтото албасыбызды сезип, дилибизден кандай кыйынчылыктар болсо да туруштук бергенге даяр бо­луп жүрдүк.
Ошол күндөрдүн биринде айылдан апам менен атам келип калды. Эшиктен кирип келсем, апам ыйлап отурган экен.
– Апаке, эмне болду?
Жүрөгүм жамандыкты туйдубу, айтор, бир башкача туйлап кетти. Те­геректеген атамды, агаларымды, жеңемди бир карап алып эле эмне болгонун түшүндүм. Албетте, Азим экөөбүздүн байланышыбыз жөнүндө сөз болгон.
– Эмне болду деп коёт, апамды карачы...
– Сен үчүн ыйлап жатат керек бол­со...- деп агаларым эки жагымдан чыга жаалап киришти. Жардам сурагандай атама бурулдум. Бирок, ал дагы кимгедир ачууланып тургандай. Агаларымды «токтоткула» дегендей кол сермеп токтотту да, мени өзүнө чакырды. Агаларым чыгып кетишти. Экөөбүз гана бөлмөдө калдык.
– Эмне болду, кызым? Биз сени ушул үчүн өстүрдүк беле? Ошол атаң тааныбаган жерде атаң менен апаңдан алыс кантип жашайсың? Угуп жатам мен дагы. Тентип келген бир оштуктун этегин кармап кетсең, оорукчан апаң эмне болот? Мен эм­не болом? Ойлонуп иш кылчы, кызым. Өзүң билесиң, сенин колуңду сурап келген Асандын баласы азыр окуу­сун бүтүп, биздин райондо врач болуп иштеп жатат. Ага барсаң кор болбойсуң. Чамамда...
Атамдын кучагына боюмду таштап, көкүрөгүнө башымды катып, бур­курап ыйлап жибергим келди. Бирок, өзүмдү токтоттум.
– Ата, а менчи? Мени бактым...
– Ата-эне эч качан баласына жамандык каалабайт. Ал сенин теңиң эмес. Бүгүнтөн баштап ал жөнүндө сөз укпайын. Бүттү, унчукпа.
Ушинткен атам ачуулана этегин силкип туруп кете берди.

КАРШЫЛЫК ЖАНА КҮТТҮРГӨН БАКЫТ

Мен жүрөгүмдүн буйругунан чыга албадым. Апамдын көз жашына, атам­дын, агаларымдын намысына карабадым. Анткени, Азимсиз жашоо мага кызыксыз эле. Атам «тең эмес» деп бүтүм чыгарганы менен жүрөгүм башка бүтүм чыгарып жатса кантет элем?
Ары айтсам да, бери айтсам да көнбөгөндүктөн, тобокел кылып качып кетүүгө белсендим. Азимдин кубанганын сураба. Мени кучактап ал­ып тегеренип бийлеп жүрөт.
– Кечирет акыры. Жалгыз кызы болсом кантип эле кечип кетишсин?
– Ооба, алдынан небересин чуркатып койсок эле таарынычы жазылып кетет. Баары бир биз жеңебиз, жаным,- деди ал көз жашымды аарчып.
– Мен сенсиз жашай албайм.
– Айсулуум, менин Айсулуум!
Ошол учурда бизден бактылуу адамдар жок эле. Кийинки күнү эле курбуларым акча чогултуп тиктирип берген той көйнөгүн кийип, Азимимди ээрчитип, турмуш деп аталган чоң жолго багыт алдым.
Кайын журтумдун «Бул аркалыкты кайдан таап алды?» дегендей муз­дак мамилеси да, башка эл бөтөн жердин салты да мага оор сезилген жок. Анткени, жанымда менин жан шеригим Азимим бар эле.
– Айсулуу, сен капа болбочу...- дечү ал ар күнү. – Алар дагы сенин ата-энеңдей түшүнө албай жатышат. Бирок, көрөсүң го, акыры биз жеңебиз.
Мен анын аркы сөзүн айттырбай өпкүлөп жибердим.
– Айтпа, кереги жок, менден кам жебе, ардагым. Өзүң мамилеңди бузуп алба. Мен баарына баш байлап келгем. Эми артка чегине албайм,- дейм мен шыбырап.
Ушинтип бакыттын канатына калкып жүргөн күндөрүбүз көрсө, биздин эң акыркы күндөрүбүз экен.

КУБАНЫЧ

Азим экөөбүз Ошто да тура албадык. Анткени, анын ага-тууганы, ата- энеси мага кырын салып туруп алганын көтөрө албай кетти. Анын үстүнө менин окуум да башталып калган.
Ошентип, баш кошконубуздан аз убакыт өтпөй кайрадан Бишкекке келдик. Угушума караганда, менин ата-энем: «Босогону аттабасын. Андай кызыбыз жок» деп топурактарын түйүп берип койгон экен. Ичимден тынып тим болдум. Ошол каргашалуу окуя болоор түнү жаман түш кө­рүп, чочуп ойгондум. Азим күндүз окуп, түнкүсүн кафеде иштечү. Ошол күнү кечкисин негедир жанымдан чы­гаргым келбей, кыйылып, улам эшикке бет алса эле «коё турчу» деп мойнунан кучактап жаттым.
– Эмне болду?- деди ал мени эркелете жаагымдан сылап.
– Эч нерсе.
Түнкүсүн көргөн түшүмдү айта ал­бай койдум.
– Анан эмне болду?
– Мен сага айтайын деп...- мукактанып токтодум. Оюмдагы бүдөмүк болгон кубанычымды айтсамбы же айтпасамбы деп турганча Азим шаш­тырып жиберди.
– Эмнени айта албай жатасың?
– Менин боюмда бар...
Азим кубанычтан жүзү албырып чыкты. «Балалуу болобузбу? Алтыным менин, балалуу болобуз!» Мени так көтөрө өпкүлөп жиберди. Экөө­бүз көпкө кучакташып турдук. Кубанычтан жүзү жаркыган Азим мени ме­нен коштошуп эшикке бет алганда жүрөгүмдүн адаттан тыш булкуп алганын сездим.
Көрсө, ошол түнү мага кайгы желесин тартып келе жатканын байкабаган экем.

КАРГАШАЛУУ КЫРСЫК...

Негедир эртеси Азим кечигип жатты. Таңкы саат төрттө келип, кичине уктап алып сабагына кетчү Азим бул күнү жок. Денем жанчыла ордумдан тургум келбей жатып түштөн кийин университетке бардым. Эмнегедир бардыгынын көз карашы сырдуу. Мени карай калып шыбырашкан курбуларымды көргүм келбей, эм­негедир буулугуп сабактан чыгып алып үйгө бара жаттым. Алдымдан чыккан Азимдин досу Жапарды кө­рүп токтой калдым. Негедир ал дагы менден көзүн ала кача шашыла учурашып калды.
– Айсулуу, мен сени таппай жү­рөм. Азим кечээ бирөөлөр менен мушташып кетиптир. Жүрү ооруканага.
Жүрөгүм шуу дей түштү.
– Эмне дейсиң?
– Азим кечээ кафеден...
– Аманбы? Деги аманбы?- деп ый­лап жибердим.
– Жүрү, тез ооруканага баралы,- Жапар мени дегдеңдете ээрчитип жөнөдү.
Түз эле ооруканага бардык. Бирок, кечигип калган экенмин. Азимим бул дүйнө менен кош айтышып кеткен экен. Тула боюм титиреп болгон окуя түшүм болуп калгай эле деп жа­раткандан суранып жаттым. Тагдыр мынча эмнеге ташбоор эле? Бакыт чөйчөгү эми колума тийээрде шарт төгүлүп калганы кандай? Бир гана ай бактылуу болот белек?
Эндиреп турдум. Көрсө, кафеден мушташып жаткан эки жигитти ажырата салам деп алардын бири кокусунан шилтеп жиберген бычак жү­рөгүнө таамай тийген тура. Азимим... Менин боорукерим! Кайсы кырсык айдап ошол жерге бардың экен? Се­нин боорукерлигиң, адамгерчилигиңе адамдар ушундай жооп берет бе­ле?
Суналып жаткан анын жансыз денесин кучактап ыйлап жаттым.

ЖОГОТУУ ҮСТҮНӨ ЖОГОТУУ

Азим менен мендеги жашоо жалынынын бардыгы өчтү. Бирине бири окшош кунарсыз күндөр. Ошол күндөрдүн бир кубанычы менин боюмдагы бала эле. Азим каза болгондон кийин кайрадан ата-энемдин колуна баргам. Бир күнү апам сөз баштады:
– Айсулуу, эми сен экөөбүз ачык сүйлөшөлү, кызым.
– Эмне боюнча?
Көңүлсүз унчуккан мени апам карап туруп оор үшкүрүп алды.
– Мындан аркы тагдырыңды ой­ло, кызым. Айтканыбызга болбой жатып, бир ай болбой кара кийип оту­руп калдың. Сен балам десең, мен сенин тагдырыңды ойлоп жатам. Бала менен кийинки жашооңо оор болуп калат. Ошондуктан, баланы күйөө­ң­дүн ата-энеси сурап келсе, бер. Аларга эмне, жалгыз баласынын туягын жан деп эле багып алышат.
Аттиң, тагдыр мага дагы кастарын тигип бүтө элек экен го. Мынчалык эмне жазыгым бар эле?
Жан талаша жок дегениме койбой, айтор, баарылап күнү-түнү кулагымдын кужурун жеп жатып, мени баланы төрөгөндөн кийин Азимдин ата-энесине бердиртишти.
Төрөтүм оор болду. Аман-эсен уул төрөп, ууз сүткө эмиздирбей туруп үч күндүк ымыркайымды кайненем менен кайнатам колуман сууруп кетишти. Ага менин ата-энем да себепчи болду. Ошондо Азим мен үчүн экинчи жолу өлгөндөй сезилди.
Мына, андан бери беш жыл болду. Азыр 23төмүн. Апам айткандай он гүлүмдүн бир гүлү ачыла элек. Бирок, шорума көрүнүп кымбат адамдарымды такыр унута албай койдум. Элден өзүмчө эле бөлүнүп, уулума куса болгондуктан, күнүгө ыйлоо адатыма айланды. Күндөн күнгө соолуп бара жатканымды көрүп апам убагында баламды Азимдин ата-энесине карматып жибергенине өкүнгөнүн айтып калат. Ушундан улам Ошко барып, баламды көрүп келүүмдү су­нуш­тоодо. Жакында уулума барам. Быйыл төрткө чыга турган уулумдун кандай чоңоюп калганын көрүүгө шашылганымды айтпаңыз. Балким, кай­ната-кайненемдер көз жашыма ка­рап, уулумду кайра өзүмө берип калышаар. Мен дал ушул үмүтүмдү ишке ашыра көрүшүн Кудайдан суранып жакында Ошко аттанам.
Жараткан жолумду ачса экен...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Azor
2012-01-27 16:38:42
оо кудай
0
koshmatov
2012-05-30 23:09:57
Чынынра жашоо эмнеге ташбоор э
0
Ulutum_Kyrgyz
2012-08-18 14:53:17
Ata eneni syzdatsa uwundai bolot go ee?
0
chomly88
2015-07-10 16:56:58
Эми катуу суйушсо эмне кылат? Бири бирисиз жашай албастыгын билип, уйлонушкон экен да.Бул деген бешеге жазылган тагдыр, ата энесинин ыраазычылыгы менен деле уйлонушсо ушундай тагдырга туш болмок да.
0
Tyty1990
2018-11-15 10:26:26
Тентип келген оштук деп. көлдүктөр анда Бишкекте местный болушабы?
0
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан