«Боз салкын» тасмасындагы «Бул айылдын эң маданияттуусу бизбиз, жадакалса этти да бычак, вилка менен жейбиз» деген актриса айым эсиңиздеби? Чынында, каарманыбыздын тасмадагы ар бир образы күлкү менен коштолот. Комедиялык ролдордун «энеси» атыккан Гүлмира Турсунбаева бизге өз бейнеси тууралуу кеп салып отурду.
АКТРИСА ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Турсунбаева Гүлмира Насирдиновна
Туулган жылы – Жашын айтпайт, небереси бар
Кыялы – Олуттуу фильмде башкы роль жаратуу
Баалаган адамы – Режиссёр Бектен Абдылдаев
Багын ачкан ролу – «Эр Төштүк» спектаклинде жез кемпирдин ролу
Тартылган тасмалары – «Боз салкын», «Гаишниктер», «Карт бойдок», «Такси жана телефон», «Жатакана», «Күкүк Шахра» жана башкалар.
«АРТИСТМИН ДЕГЕНДЕН УЯЛЧУМУН»
– Нарындын алтын топурагында боз ала чаң болуп ойноп жүрүп чоӊойдум. Үй-бүлөдө жети бир туугандын улуусумун. Апам медайым. Атам волейбол боюнча КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу. Тилекке каршы, үч жыл мурун атамдан айрылып калдык. Мендеги актёрдук талант атамдан берилсе керек. Анткени ал музыкалык билими жок болсо да баянда ойноп, мыкты ырдачу. Бирок башында ал менин актриса болушума каршы болуп, артисттердин жашоосун үлгү кылып урушуп калчу. Ата да, мектепти аяктап жатканымда «Москвадагы Щепкин атындагы институтка тандоо жүрүп жатыптыр, тапшырып көр, өтпөй калсаң экинчи артист болом дебе» деп гезит көтөрүп келгени эсимде. Бактым экен, окууга тапшырып, өтүп кеттим. Бирок айылдагыларга «артисттин окуусуна тапшырдым» деп айткандан уялып, көпкө жашырып жүргөм.
Окуумду бүтүп келгенден кийин Нарынга спектакль койгону барып калдык. Ошондо атам да барыптыр. Көрүүчүлөр «Ии, фамилиясы Турсунбаева экен, Нуркан Турсунбаевдин кызы болсо керек» дешсе атам чычалап, «Эмнеге Нуркан? Бул менин кызым» деп талашыптыр.
«ЖОЛДОШУМ БАЛДАРЫНАН КАБАР АЛГАН ЖОК»
– Жолдошум Бакыт Жумалиев экөөбүз Москвада окуп жүргөндө таанышып, ошол жактан үйлөндүк. Тун кызыбыз Москвадан төрөлгөн. Кийин Кыргызстанга келгенде уулдуу болдук. Тилекке каршы, үй-бүлө очогун чогуу тутантып кете албадык. Мекенибизге келгенибизде ал «Жүрү, Жалал-Абаддагы театрда иштейбиз. Үй берет экен» деп мени ынандырганга аракет кылды. Каршы болдум, анткени менин ал кезде борбордон үй алууга ордерим бар болчу. Анан күйөөм «калсаң кала бер» деп кетип калды. Ошол боюнча балдарынан да кабар алган жок. Уулум паспорт аларда таятасынын атына катталды, «өз атамды өмүрүмдө көрбөсөм» деп.
«БАКТЫЛУУ ЭНЕМИН, БИРОК...»
– Мен өзүмдү камерага караганда сахнада эркин сезем. Негедир театр жан дүйнөмө жакын. Окуумду аяктап келгенде эле Жаштар театрына жумушка орношком. Дарак бир жерден көгөрөт деп азыркыга чейин бул театрда эмгектенип келем. Балалыгымда «Артист болсом, залда эл туруп алып мага кол чапса, кучагым гүлгө толсо, анан бир мүшөк акчам болсо» деп кыялданчумун. Баары эле орундалды, бир гана бир мүшөк акча калды (күлүп). Негедир «Көп балам болсо, бактылуу жубай болсом» деп кыялданчу эмес экенмин. Ошол кезде «Жалаң башкы ролдорду ойноп, гастроль, той-аштарда сыйдын үстүндө жүрсөм» деп ал күндөр эч бүтпөчүдөй сезилген окшойт. Азыр деле бактылуу эжемин, бактылуу энемин, бирок бактылуу жубай боло албай калдым окшойт. Бир аз кечирээк кыялданып калдым көрүнөт (күлүп).
«МЕНИ МАЛГА ТЕҢЕДИ ДЕП КҮЛИЙПА ЭЖЕГЕ ТААРЫНГАМ»
– Институтту жаңы бүтүп келгенде «Эр Төштүк» спектаклинде жез кемпирдин ролун ойноп калдым. Ал кезде театр десе элдин баары көчүп келишчү. Жаштар театрынын ачылыш аземин Кыргыз драма театрында өткөрүп жатканбыз. Ошондо биринчи жолу мага залдагы эл туруп кол чаап, сахна гүлгө толуп калды. Келген коноктордун арасында ал кездин легенда айымы Күлийпа Кондучалова да бар экен. Спектакль бүткөндөн кийин ал келип «могу мал болчу кыз экен» деп мен тууралуу айтып кетиптир. Мага айтканда аябай териккенмин, «Эмнеге мени малга теңейт?» деп. Ал сөздүн төркүнүн кийин түшүнбөдүмбү. Он жылдан кийин дагы бир спектаклден көрүштүк, мени унутпаптыр. «Оо, азамат, ошондо сенин ролуң мага жаккан» деп жылмайган.
«УЯТТУУ РОЛДОРУМ ТУУГАНДАРЫМА КАТУУ ТИЕТ ЭКЕН»
– Мен бир ишти жасап алып анан ойлоном. «Жатакана» сериалына тартылып, ушундай окуяга тушуктум. Башында сериалдагы комендант Бурул эженин ролуна Сакишти тандашкан экен. Бирок анын иш тартиби туура келбей, мени чакырышыптыр. Толук сценарийди деле окутушкан жок. Мен тартыла турган жерлерин эле аткарып берип жаттым. Сериал жүрүп жатканда туугандарымдын баарына мактанып алгам «Кокуй, көрүп койгула, телеканалдан кетип жатат» деп. Өзүм көргөнгө убактым жок да. Иним күндө келип «Эже, укмуш «стерва» болуп аткарып жатасыз» деп айтып кетет. Бир күнү үйгө иним купкуу болуп кирип келди. Чай берип жатып качан мактайт экен деп күтүп турам, унчукпайт. Чыгып баратып «Эже, экинчи ушундай ролдорго тартылбай эле коюңузчу» десе болобу. Көрсө, жанагындай уят жери бар турбайбы. Тартылып жатканда андай болорун деле билбепмин. Азыр «Жатакана» деп шыбырашып калса эле жаман боло берем. Уяттуу эпизоддогу ролдорум менден да туугандарыма катуу тиет экен.
Лунара Бекиева
star@super.kg