15-сентябрда Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктады. Мелдешти Астананын чаңын көккө сапыруу менен баштаган улакчыларыбыз финалда үй ээлерине жеңилишти. Бул көрсөткүчкө жалпы көк бөрү сүйүүчүлөрүнүн ичи ачышып турган маал.
МЕЛДЕШ ЖӨНҮНДӨ
Өткөрүлгөн даталар – 10-15-сентябрь
Өткөрүлгөн жай – «Казанат» ат майданы, Астана шаары
Байге фонду – 20 миллион теңге (болжол менен 130 миң доллар)
Катышкан 8 команда – Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Түркия
Улакчылардын саны – 200
Чемпион – Казакстан
Байге ээлери
3-орун үчүн оюн Тажикстан-Кытай – 3:0
Финал – Казакстан-Кыргызстан – 4:2
Мелдештин байге фонду анын аброюн айтып койду. 1-орунду ээлеген Казакстан байге катары 10 миллион теңге акчалай сыйлык алды. 2-орунду ээлеген Кыргызстан 6 миллион теңге алса, Тажикстан 3-орунду ээлегендиги үчүн 4 миллион теңге менен сыйланды.
ЭМКИ КЕЗЕК ТҮРКИЯДА
Көк бөрү боюнча эл аралык федерация 2001-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн. Азыркы стандарт боюнча, майданга төрт оюнчу чыгып, 20 мүнөттөн 2 бөлүккө бөлүнгөн убакыт ичинде узуну 200 метр, туурасы 80 метр келген майданда ойношот. Тай казандардын диаметри 3,6 метр, бийиктиги 1,5 метр. Атаандашты же атын камчы менен чабуу жана атаандаш улакты эңип жатканда жөөлөө эреже бузууга кирет. Эреже бузган улакчы 2 мүнөттүк «эс алууга» чыгат. Көк бөрү боюнча 2 жылда бир өтүүчү Азия чемпиондугу 2015-жылы Түркияда өтөт.
ЧОҢ ЭСЕПТЕР, БИРОК ЖЫЙЫНТЫГЫ НАЧАР
Мелдеш алдында эле финалда ойноочу командалар Кыргызстан менен Казакстан болору болжонгон. «Тайпалык баскычта бул эки команданын бир тайпага түшпөй калганы да финалдык оюндун камы үчүн жасалган иш» деген пикирлер байма-бай айтылууда. Боз топурак үстүндөгү мөөрөй талашты биздикилер ийгиликтүү баштап, алгач Өзбекстанды 11:1 эсебинде уткан. Кийин Түркияны 16:3, Кытайды 12:0 эсептеринде жеңди. Финалга кетчү экинчи жолду казакстандыктар ушундай эле ири эсептер менен утуп келишти. Ошентип, биринчи жолу өткөрүлгөн Азия чемпиондугунун тарыхында алгачкы биринчиликти казак туугандар өздөрүнө жазып алышты.
АКТАНУУГА ДАЙЫМА МҮМКҮН
Футболдогу окшоштуктардан айтсак, футболдун мекени делген Бразилия дайыма мелдештердин башкы талапкери болуп көрсөтүлгөнү менен, көп жолу утулуп калат. Алар күйөрмандардын алдында «башка өлкөлөр футболдо бизди кууп жетти» деп актанышат. Андан айырмаланып, көк бөрүдө кыргыздар антип актана албайт. Түшүнүп жатабыз, аттарды жана улакчыларды миңдеген чакырымга ташып барып ойноп келишти. Билип жатабыз, биздикилер казак көк бөрүчүлөрүндөй болуп ай-айлап сборлордо жүрүп даярданган жок жана аттары анчалык мыкты эмес. Азыр биздин колубузда актана турган жалгыз жагдай, казак туугандардын калыстыктан тайганы.
«УТУЛБАШЫБЫЗ КЕРЕК ЭЛЕ...»
Алмаз Касенов, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору:
– Даярдыкты көл жээгинде колдон келишинче өткөргөнбүз. Жеңебиз деген максат бар болчу. 2-орун бир чети жакшы жыйынтык. Бирок биз утулбашыбыз керек эле. Бизди иренжиткени, калыстар тобунун баары казактар болуп, «эрежеге ылайык келбейт» дегенибизге болбой өзүлөрү тейледи. Оюндун башында эле биздин оюнчу майдандан четтеп калды. Ошондон пайдаланып, казактар 3 улак салып кетишти. Негизи, бир улак салганда эле тиги оюнчу оюнга кириш керек эле. Жеңилүүнүн жалгыз себеби бул эмес. Калганын эми команданын өкүлдөрү, машыктыруучулар менен чогулуп талдап чыгабыз.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg