Кеңсебизге түрдүү тагдырын баяндап, бирөөгө болгон таарынычын, ызасын айткан замандаштар арбын кайрылышат. Арманын айткан Алтынай (аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) аттуу айым маңдайымда отурду.
– Мен Ош шаарында төрөлүп, мектепти ошол жерден аяктадым. 8 бир туугандын ортончусумун. Ата-энемдин мойнунда отура бербейин деп Бишкекке келип, май куюучу бекетке жумушка орноштум. Кийин бир жигит менен таанышып, баш кошконбуз. Үйлөнгөн соң төрт айдан кийин жолдошум Орусияга иштегени кеткен. Ал кезде менин үч айлык боюмда бар эле. Жолдошум телефон чалып, сүйлөшүп жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен телефон чалганын да токтотуп койду. Мурунку телефон номери иштебей калды. «Башка аял алыптыр, Кыргызстанда эле жүрөт» деп бири айтса, башкасы «Орусияда жүрөт» деген кептерди угуп жаттым. Ошол бойдон ал дайынсыз кетти.
Уулум төрөлдү, 6 жыл жолдошумду күтүп жашадым. Коңшу эже «Уулуң бой жеткенче турмушка чык» деп көп айтар эле. Ошол эже бир тууган инисин тааныштырып калды. Ошентип, Самаган менен таанышып, негедир бат эле ынак болуп кеттик. Жылдызыбыз келишип, бир айдан кийин баш коштук. Бишкектен Көлгө келдик, жайлоодо мал багабыз. Башында кайын журтум мени жакшы кабыл алышкан, кийинки күндөрү Самаган экөөбүздүн ортобузга чок салып, күнүгө уруш чыгарган кайненем болду. Жашы 70тен ашса да, ичимдикти таштабаган аял болчу. Ичкен тамагыбызды аш кылбай «Оозуңар тынбайт экен, тамак-аш аз калды» деп басса-турса айта берет. Мага эмне десе да көтөрөт элем, бирок Ариетти (уулум) тилдеп, башка-көзгө урганын карап туруу кыйын болду. Кичинесинен тартынуу дегенди билбей өскөн уулум жалтаң болуп калды.
Бир күнү Самаган мал менен бошобой жатканынан тракторчу менен сүйлөшүп 1 гектар жерди айдатып койгом. Оюмда эч жаман нерсе жок, бир кишини карап отура бербей жардам болсун дегем. Кайненем «Сен эмитен жерге ээлик кылып калдыңбы?» деп кыйкырып кирди. Самаган мага болушса аны кошуп тилдейт. «Силерди жөн койбойм» деп таң атпай кайнага, кайнежелеримди чакырды. Алар дагы эч нерсени түшүнбөй эле «үйдү бошоткула» деп туруп алышты. Мейли деп баламды жетелеп жолго чыктым. Аркабыздан кайнагам келип, уулумдун чаңырып ыйлаганына карабай баса калып мени сабап кирди. Бети-башым көк ала болуп, уулум менен жол тосуп Караколго келдик. Эки-үч күн тааныш эженин үйүндө баш калкаладык. Башым чыдатпай ооруганынан ооруканага кайрылдым. Менин абалымды көргөн дарыгерлер милиция кызматкерлерин чакырып коюшуптур. Анан тергөөчү келип, «Ким урду, эмне болду?» деген өңдүү суроолорду берип, арыз жаздырды. Бирок эч кандай чара колдонушпады. Аркамдан Самаган издеп келди. Ал да энесине тарта албай же мага тарталбай ортодо эзилип кетти. «Силерди талаага таштабайм» деп Ариет экөөбүзгө батир алып, тамак-ашыбызды камдап берди. «Баары бир биз жеңебиз» деп мени жооткотту.
Ариет быйыл 1-класска бармак. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү айылда калып, учурда сабакка бара албай жатат. Мен болсо ылайыктуу жумуш таба албай убарамын. Эми алдыда бизди кандай күн күтүп турганы белгисиз. Кайнежелерим бул гезитти калтырбай окушат. Балким, менин айтканымды окуп, мага болгон терс көз караштары өзгөрөр деп ойлодум. Мен дагы кайра бактымдан ажырагым келбейт. Суранам, мени түшүнүп, жөн эле канга сиңген көз караштын айынан тагдырыбызга балта чаппагыла.
Алтынай
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg