Нурсейит Бейшебеков: «МҮНҮШКӨРЛҮК – МЕН ҮЧҮН ЧОҢ СЫЙМЫК»

Ата-бабадан калган салтты улап бүркүт таптап, тайган агытып, куш салып жүргөн адамдар бүгүнкү күндө саналуу. Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Нурсейит Бейшебеков мүнүшкөрлүктүн сырлары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

– Нурсейит мырза, мүнүшкөрлүктү кимден үйрөнгөнсүз?
– Мүнүшкөрлүк менин тай жагымда бар. Ошолордон калды го деп ойлойм. Бул мен үчүн чоң сыймык. Бүркүттү алып келгениме 3 жыл болду. Мындан тышкары көк куш да багып келем. Бүркүттү Ала-Арчадан алдырдым. Аты – Тумар. Өткөн жылы Өзгөрүш токоюнан 4-5 түлкү кармады. Көк куштун аты – Кумар. Негизи, куштун бизге белгилүү болгон 200-220 түрү бар. Алар: барчын, туйгун, карчыга, тунжур, жамансары жана башка.
– Куш алгыр болушу үчүн эмне менен азыктандырасыз?
– Жалаң гана эт менен тамактанышат. Бүркүткө эки күнгө 500 грамм эт болсо жетет. Көбүнчө көгүчкөн, ошондой эле малдын ич эттерин беребиз. Ал эми көк куш эки күндө бир көгүчкөн жесе жетиштүү. Бул куштардын баары эле өтө семирип кете турган болсо аң уулоого чыгуу мүмкүн болбой калат. Ток учурда ууга салсаң, ага кызыкпай башка жакка учуп барып конуп калышы мүмкүн.
– Алгыр куштардын сезим-туюму кандай болот?
– Бул сурооңузга мен бир окуя менен жооп берейин. Залкар манасчыбыз Саякбай Каралаев өзүнүн кушу менен ууга чыгат. Бир убакта эле томоголонуп турган кушу канатын күүлөп, талпынат. Ошол жашка келгени томогосу менен талпынган бүркүттү биринчи жолу көргөн манасчы абдан таңданып, «Буга не болгон, эмне мынча тынчы кетти?» деп баягы кушунун томогосун чечип коё берет. Ал ошол жерден эле шукшурулуп төмөн көздөй жөнөптүр. Артынан бир топ убактан кийин баягы сайга түшүп келсе, кушу адам баласын, болгондо да кичинекей кызды басып жатыптыр. Анан Саякбай атабыз «Мени бул куш шерменде кылды, «баягы Саякбайдын кушу адам баласын алыптыр» деп элге уят болот экем» деп шашыла кушун алып, томогосун кийгизе коюп эле караса кыз жок, көздөн кайым болуп кетет. Көрсө, Саякбай атанын кушу адам баласын албай эле, албарстынын баласын алган экен. Мына ушундан эле куштун туюмунун деңгээлин баамдап билсек болот.
– Куштарыңыз адам баласына кол салат деп чочулабайсызбы?
– Бүркүттү эки түргө бөлүп карасак болот. Биринчиси, кишичил. Мына ушул түрү эттин өңүнө окшош нерсени көрсө эле умтула берет. Мисалы, кызыл көйнөкчөн кыз-келиндерге. Ал эми экинчи бир түрү жоош келет.
– Кишичил болорун балапан кезинде билүүгө болобу?
– Болот. Балапан кезинде эле туурунда отурса да адамга талпына берет.
– Бүркүт канча жашайт?
– Бүркүт 40-50 жыл жашайт. Эгер жапайы болсо, анда алардын көбү балапан кезинде эле коён алам деп жатып ташка, жарга урунуп өлүп калат. Көк куш 10-15 жыл өмүр сүрөт. Картаң-жашынын айырмасын билүүгө алгач эле көзү жардамга келет. Анткени картаңдарынын көзү кызыл болуп, көзүнүн тегерегиндеги жүндөрү агарып кетет. Мындан тышкары эгер тийбей койсо, тумшугу кадимки адамдардын тырмагындай болуп өсө берет. Ушул жерден бүркүт таптайм дегендерге айткым келет. Колдо багылган куштун жанына сөзсүз түрдө таш коюу керек. Анткени алар улам өсүп турган тумшугун кайрап, жонуп, кичирейтип турганы оң. Балапан кезинде – бозум деп аталат. 1 жашка чыкканда – кум түлөк, 2 жашта – таш түлөк жана өз алдынча болуп, чоң куштардын катарына кошулуп калганда көк куш деген атка ээ болушат. 5 жашка толгондо барчын деп коюшат. Ал эми бүркүттөрдүн төрөсү, эң алгыры деп эсептелгенин муз мурут деп да атап жүрүшөт.
– Кайсы учурда балапан чыгарышат?
– Апрелдин аягынан май айынын орто ченине чейин балапандарын чыгарышат. Алар июлдун орто ченинде учууга жарап калышат.
– Үй шартында балапан алса болобу?
– Болот. Балапан алуу үчүн атайын шарты келишкен жай даярдоо керек. Болжол менен 10 сотых жерде агып турган суу, таштар, бир аз аска сымал бийигирээк жер болуусу шарт.
– Аң уулоого чыгарда кандай даярдык көрөсүздөр?
– Ууга чыгарда бүркүттүн курсагы сөзсүз түрдө ачка болушу керек. Ошондуктан коё даярдайбыз. Коё деп канга коёндун, көгүчкөндүн жүнүн аралаштырган азыкты айтат. Ал жемсөөдөгү тамак-ашты кайра кустурат. Мындан тышкары 1 чыны жылуу сууга кумшекер салып, ууга чыгардан 1 саат мурун аны оозуна куюу шартка ылайык. Мунун максаты деле жемсөөсүн тазалоо, даярдалган аралашма анын ичин өткөрөт.
– Ууга чыккан учурда кайра кайрылбай качып кеткен учурлар кездешеби?
– Көбүнчө көп жашап калгандары бир топ тажрыйбалуу болуп калышат да, боосун чечип алышат. Мына ушундай учурда учуп кетишет. Бирок канча жыл өтсө да ээсин таанып кайра келген учурлар болот экен.
– Карышкырды да колдо кармап келет экенсиз, зыяны тийбейби?
– Бүркүттү карышкырга салып көндүрө берейин деген максатта багып жатам. Бул карышкыр өткөн жылы 3 айлык кезинде алынып келди. Үйдө тайгандар да бар. Карышкыр тайгандарга да таасирин тийгизет. Улуулардан угуп калам, «Карышкырга көнбөгөн тайган аны бир жолу көргөндө тилин жутуп коёт» деп. Ошон үчүн карышкырдын сүрүнө көнсүн деп жатам. Мындан тышкары карышкыр менен кадимки эле иттен күчүк алам деген ой бар. Муну уккандар «Бөрү баласы ит болбойт. Алган күчүгүңдө карышкырдын каны болгон соң ал адамга кол салат деп коркпойсуңбу?» деп жатышат. Эгер карышкыр эркек болсо, анын 20 пайызын гана тартат экен. Ал эми карышкыр ургаачы болсо, анда 80 пайызын тартып, ал албетте, бир топ кооптонуу туудурат.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
dikeii
2013-09-23 09:29:30
нурсейит акени тааныйм коншум болот. кичинесинен бери анчылык мн алек болуп келет, озу да шайыр муноз алтын аке да. окуп алып суйунуп отурам, куштарыныз керегинизге жарай берсин.
0
shoma198003
2013-09-23 23:26:26
азаматсын братан!ишине ийгилик калаалайм,тайган куштарын,алгыр эле боло берсин демекчимин!
0
muxammet
2013-09-24 00:52:47
Кыргыздын эски онорун аздектеп келген атуулга балли!
0
PROS
2013-09-24 12:15:06
Мен да ит агытып, куш салганга өлө кызыгам да! Ишиңизге ийгилик, байке!!!
0
Azamatnur
2013-09-24 20:51:03
Мен да аябай кызыгам.
2014-жылы Сyпер анчы уюштуpабыз ээ достор, анчылык кылып келебиз бир жака барып.
0
№ 568, 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан