Учурда төө буурчактын баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ жогорулоодо. Бул тууралуу Таластагы агрардык сектордун башчысы Абай Шатманов билдирди. «Таластык дыйкандар 2010-жылы төө буурчактын килограммын 30-33 сомдон сатышса, 2012-жылдын декабрь айында 60 сомго чейин көтөрүлдү, ал эми быйылкы жылдын 17-сентябрына карата төө буурчактын жаңы түшүмүнүн баасы 75 сомго чейин өсүп, облустун дыйкандары арбын киреше алганга жетишти» дейт ал. Бүгүнкү күндө төө буурчакты даярдап, экспортко чыгаруу боюнча 59 фирма иштөөдө. Ошондой эле 21 чет мамлекетке экспорттолуп жатат.