«Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Лениндин эстелигин оңдоп-түзөөгө шаардык мэрия жооптуу эмес»,- дейт шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев. Учурда Лениндин эстелигинин ордуна башка коомдук ишмер же кыргыздын баатырларынын биринин эстелигин коюу боюнча көптөгөн сунуштар түшүп жатканын кошумчалады. Буга байланыштуу анын ордуна башка инсандын эстелигин коюу маселеси караларын айтты вице-мэр.
Айта кетсек, Лениндин эстелиги 1975-жылы курулуп, бийиктиги 25 метрди түзөт. Эстеликти бузуп, ордуна кыргыздын белгилүү инсандарынын эстелигин орнотуу маселеси өткөн жылы «Эл уулдары» жаштар уюмунун мүчөлөрү тарабынан көтөрүлгөн эле.